Эрбол Султанбаев: Мадумаров ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим калтырат

Эрбол Султанбаев

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушун сынга алган Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери мейманкананын имаратын бузуу кытайлык инвесторлор аралашкан долбоор менен байланыштырган болчу.

Султанбаевдин айтымында, «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты жараксыз абалга келгендиктен тарыхый эстеликтердин тизмесинен чыгарылган. Ошондой эле, ал бүгүнкү күндө Мадумаров айткан чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу маселеси күн тартибинде жок экенин кошумчалады.

«Адахан Мадумаровдун мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө бир да жолу аталган мейманкананы оңдоо боюнча демилге көтөргөнүн эстей албайбыз. Саясатчы ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим калтырат», — деди Султанбаев.

«Ысык-Көл» мейманканасы жана кытайлык инвесторлор

Буга чейин Адахан Мадумаров бийликтин «Ысык-Көл» мейманканасынын бузуусу боюнча пикирин билдирип, анын артында «кызыкчылыктар болушу мүмкүн» деген пикирин айткан.

«Ал жерде чоң жер бар, идея кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен “ошол жерге бир имарат курабыз” деген бир долбоор болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун да тиешеси болушу керек [...] Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болуп саналышы керек эле. Мүмкүн республикалык деңгээлде болбосо дагы, жок дегенде Бишкектин деңгээлинде тарыхый, архитектуралык, маданий имарат деп кабыл алынышы керек эле. Имаратты ким, эмне үчүн тизмеден чыгарды? Бул чоң маселе» — деген Мадумаров.

Бишкектин түштүк тарабындагы «Ысык-Көл» мейманкана комплекси 1984-жылы Кыргыз ССРнин 60-жылдыгына карата курулган. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Бишкек башкы архитектура» мейманкананы архитектуралык эстелик макамынан ажыраткан.

Ал эми 24-декабрда президенттин иш башкармалыгы «Ысык-Көл» мейманканасы «көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга жеткенине байланыштуу» аны бузууну чечкен. Имаратты бузуу учурунда жеринде иштеп жаткан жумушчулар ал жерге Ак үй салуу пландалып жатканын айтышкан. Бирок президенттин иш башкармалыгы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.