Бир кадр менен. Садыр Жапаров иш сапары менен Санкт-Петербургга келди

Садыр Жапаров учактын трабынан түшүп жатат. Сүрөт: Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттин борту эл аралык «Пулково» аэропортуна конду.

Жапаров ал жакка бүгүн өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн 28-декабрда эртең менен учуп кеткен. Жолугушууну Орусиянын президенти Владимир Путин демилгелеген.

Бейформал жолугушууга Азербайжан, Казакстан, Беларус, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле Армениянын премьер-министри катышат.

«Лидерлер Беларусттун 2021-жылдагы Шериктештиктеги төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, жалпы маселелерди чечүү үчүн пикир алмашышат, кызматташтыктын натыйжалуулугун жана уюмга кирген өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу максатында мындан аркы чараларды талкуулашаары күтүлүүдө», — деп жазат ТАСС.