«Диний секта эмес, окуу жай». Чүйдөгү универсалдык коллеждин студенттери кайрылуу жасады

28-декабрда Кыргыз эл аралык универсалдык коллежинин студенттери коомчулукка  кайрылуу жасап, окуу жайда «диний окуулар» жүрүп жатканын билдирди.

Видеодо студенттер Чүй облусунун Шопоков шаарында жайгашкан коллежде адамдардын диний ишенимине карабастан диний китептерди мажбурлап окутуп жатканын белгилешти.

«Диний китептерди окууга мажбур кылышат, мисалы “Библияны”. Бул жерге аны токтотуу үчүн чогулдук. Сураныч, муну кароосуз калтырбагыла {...} Бул секта эмес, окуу жай да», — деген студенттердин бири.

«Клооп» бул маселе боюнча Билим берүү министрлигине сурам жөнөттү. Министрдин орун басары Надира Жусупбекова ишти териштирүү үчүн окуу жайга комиссия жөнөп кеткенин белгиледи.

«Комиссия кетти. Комиссиянын чечиминен кийин гана бир нерсе дей алабыз», — деди ал.

Ал эми ведомствонун басма сөз кызматы бул боюнча кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.

Кыргызстандын Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзамында ар бир адамга дин тутуу жана атеисттик ынаным эркиндигине кепилдик берилген.

Ошол эле учурда, жаран өзүнүн динге, дин тутуу же тутпоого, кудайга табынууга, диний ырым-жырымдарга жана аземдерге катышууга, динди окууга карата мамилесин аныктаган учурда аны кандайдыр бир жол менен мажбурлоого тыюу салынат.

Негизинен Кыргызстандагы билим берүүчү окуу жайларга диний сабактар милдеттүү турдө киргизилген эмес. Бирок диний билим атайын диний окуу жайларда же университеттерде окутулат.

Буга чейин, президент Билим берүү министрлигине мектептерге дин таануу сабагын киргизүүнү тапшырган. Анын айтымында, «диний билимдин жоктугунан 11-классты бүткөн балдарды оной эле азгырып Сирияга алып кетип жатышат».

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 26-октябрда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаров сыяктуу эле мектептерге дин таануу сабактарын киргизүү керек экенин билдирген. Ал бул тууралуу 2021-2026-жылдарга карата өлкөнүн Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын тууралуу маалымат берип жатып айткан.

Жапаров 2-октябрда «2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

«Дүйнөлүк баалуулуктар изилдөөсү» (World Values Survey) Өзбекстандагы калктын дээрлик жарымы (54%) жана Казакстан менен Кыргызстандын калкынын үчтөн бир бөлүгү мамлекеттик мектептерде диний билим берүүнү колдой турганын көрсөткөн.