«Экологиялык таза жана пайдалуу». «Кумтөр» кенди жер астынан иштетүүгө өткөрүүнү көздөйт

Майдын ортосунан бери кыргыз бийлигинин убактылуу тышкы башкаруусунда болуп аткан «Кумтөр Голд Компани» кенди иштетүү стратегиясы өзгөртүлүп, кенди акырындап жер астынан иштетүүгө өткөрүүнү көздөп жатышканын билдирди. Бул тууралуу 27-декабрда компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

«Кумтөрдөн» алтын камтыган руданы жер астынан казып алуу ыкмасы учурдагы ачык казууга караганда «экологиялык таза жана экономикалык жактан пайдалуу» экенин белгилешти.

Жер алдындагы шахта. Сүрөт: «Кумтөр Голд Компани»

Centerra убагында кандай болгон?

Компаниядан 2008-2012-жылдары «Кумтөр» руданы жер астынан казып алуу долбоорун ишке ашырып баштаганын, бирок Centerra Gold Inc. бул пландардан баш тартканын билдиришти. Ал убакта долбоорго дээрлик 180 миллион доллар сарпталган.

«Кенди канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып турганда кенди иштетүү ачык жол менен жүргүзүлгөн. Натыйжасында 1 тонна алтын камтыган руданы казып алуу үчүн 41 тоннадан 60 тоннага чейин бош топуракты алуу зарыл болгон. Бул көрсөткүч боюнча Кумтөр тоо-кен компанияларынын арасында дүйнөдө 1-орунда турат. Дүйнөлүк орточо кыртыш ачуу коэффициенти руданын бир тоннасына 2 тоннадан 7 тоннага чейинки бош текти түзөт», — деп белгилешти «Кумтөрдөн».

Компания Түркиядагы Өксүт кенин жана Канададагы Маунт Миллиган кенин мисал келтирди — бул эки компания тең Centerra’га таандык. «Кумтөрдүн» маалыматы боюнча, Өксүттө 1 тонна алдын рудасын алуу үчүн 2 тонна бош текти, ал эми Маунт Миллиганда — 1 тонна бош текти алуу керек.

«Канада менен Түркиянын экологиялык талаптары тоо-кен компанияларына алардын аймагында жырткычтык жол менен кен казуу иштерин жүргүзүүгө жол бербейт», — деп белгилешти «Кумтөрдөн».

Жер алдынан казуунун кандай жакшы жактары бар?

Компаниядан эгер жер алдынан казууга өтө турган болсок, бир тонна алтын камтыган руданы казуу үчүн 2 же 3 тонна гана бош топурак алынат деп билдиришүүдө.

Мындан сырткары, компаниянын маалыматы боюнча, Кумтөрдүн кениндеги жер алдындагы рудаларда «алтындын курамы тоннасына 5 граммдан ашат, башкача айтканда, ачык жол менен казып алуудан дээрлик эки эсе жогору». Анткен менен «Кумтөрдөн» жер алдынан казууну жолго коюу, учурдагыдан кымбат болоорун белгилешти. Бирок кийинчерээк руданы казуунун өздүк наркы азыркыдан төмөн болот.

«Алтын камтыган руданы жер астында казып алуу долбоорун ишке ашыруу үчүн КГКда жаңы долбоордук бөлүм түзүлдү. Учурда аны жогорку квалификациялуу чет элдик жана жергиликтүү адистер менен толуктоо иши уланууда», — деп билдиришти компаниядан.

Кумтөрдө кенди акырындык менен жер астынан казуугө өтүү планы бар экенин үстүбүздөгу жылдын май айында компаниянын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дагы айткан болчу. Бирок ал мындай ыкма менен алтын өндүрүүнүн көлөмү азайып кетерин белгилеген.

«Келечекте жер алдынан казууга өтөбүз, мындай казуудан кийин тоотекти кайра жер алдына калтыруучу технология бар. Ушул технологияны ишке киргизүүнү көздөп жатабыз», — деген ал 21-июнда.

Мурда эмне дешкен?

«Кумтор Голд Компанинин» сайтына жарыяланган «5 каналдын» 2015-жылдын 27-июнундагы видеорепортажында кенди жер алдынан казуу экономикалык жаткан пайдасыз деп айтылат.

«Биз азыр Кумтөр кениин ачык жол менен казып алуудабыз. Анда пайдалуу кендерди жердин үстүнкү бетинен алынат. Албетте казуунун мындай системасы өтө жөнөкөй, коопсуз жана чыгашасы аз», — деп айтылган сюжетте.

А бирок ошол кезде Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын техникалык эмгек инспекциясынын жетекчиси Догдурбай Тыныбеков жер алдынан казуу оор экенин айткан. Мисалы, ар бир жумушчуга аба жеткирилиши керек, ал эми шахтага суунун агышы ачык казууга салыштырмалуу көбүрөк. Анын айтымында, жер алдынан казуу жакынкы муздардын ээрүүсүнө да таасирин тийгизет.

Кумтөр кенинин борбордук карьери. Сүрөт: президенттик администрациянын басма сөз кызматы

Ошол эле 2015-жылы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Дүйшенбек Зилалиев парламенттин отурумунда жер алдынан казуу мүмкүн, бирок анын мааниси деле жок де билдирген.

Анын айтымында, мындай жол менен казуу руданы иштетүү жана алтынды алуунун өздүк наркын жогорулатат.

«Иштетүүчүлөр изилдөө өткөрүп, бир шахтаны казып көрүшкөн. Ар бир метрден 40 куб топуракты алып чыгуу керек болгон. Варвардык жардыруулардлан улам жер борпоң болуп калган. Бир метрди казуу үчүн астрономиялык суммалар кетет. Иштетүүчүлөр мындай вариант рентабелдүү эмес деген тыянакка келишкен. Жер алдынан казуу ыкмасында, иштетүү коопсуздугу азайып, тобокелдиктер көбөйөт […] Жер алдынан казууда аң казуу керек, жыйынтыгында Давыдов мөңгүсү карьерге кулайт. Жер алдынан казуу токтотулат», — деп келтирген Knews.kg басылмасы Зилалиевдин сөздөрүн.

Кумтөрдүн айланасындагы окуялар

Centerra Gold Inc. «Кумтөр Голд Компани» «туундуу» компаниясы аркылуу Борбор Азиядагы бийик тоолуу ири алтын кени Кумтөрдү иштетип турган. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

17-майда «Кумтөр Голд Компаниге» сырткы башкаруу киргизип, Теңгиз Бөлтүрүк башчы болуп дайындалган. Канадалык компания буга жооп ирээтинде Кыргызстандын өкмөтү буга чейинки милдеттенмелерин бузуп, «кенди зордук менен басып алды» деп билдирип, Бөлтүрүктү сотко берген.

Теңгиз Бөлтүрүк жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин администрациясы

Кыргыз бийлиги канадалык компанияга коюп жаткан эң башкы доо — кологиялык зыян. Алсак, үстүбүздөгү жылдын май айынын башында Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Сот компанияны Кумтөр кенин иштетүүдө Лысый жана Давыдов мөңгүсүнө калдыктарды төгүүгө күнөөлүү деп тапкан.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укуктарын коргоону көздөшөт.

Кыргыз тарап менен Centerra’нын ортосунда дагы бир нече соттук талаш жүрүүдө. Мындан тышкары, тараптар сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүп жатат, бирок ал кайсы баскычта экени жана сүйлөшүүлөрдө кандай жетишкендиктер болгону белгисиз.

Тема боюнча: Кумтөр: Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталды