Centerra дооматтарды моюндамайын сүйлөшүүлөр болбойт — Тенгиз Бөлтүрүк

«Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасынын сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк учурда компания кандай иштеп жатканын, Centerra Gold Inc’ке карата позициясы жана андан аркы кадамдар тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал 21-июнда «Биринчи радионун» эфиринде маек курду.

«Кумтор Голд Компани» — Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын «туунду» ишканасы. КГК Борбор Азиядагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетет. Кыргызстан Centerra Gold’дун акциясынын 26%на ээлик кылат жана компаниянын акцияларынын ири кармоочусу болуп эсептелет.

Соттун банкроттук жөнүндө чечими тууралуу

Бөлтүрүктүн айтымында, Нью-Йорк сотунун* банкроттук жөнүндө чечиминен кийин айрым жалданмачылар жеткирүүлөрүн токтотушкан, буга байланыштуу кенди камсыздоодо көйгөйлөр жаралган.

*1-июнда Centerra Gold компаниясынын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йоркто сотко кайрылышканы белгилүү болгон. Бул процесстин мааниси соттун көзөмөлү астында «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканаларына карата бүткүл дүйнө жүзүндө баардык дооматтарды автоматтык түрдө токтото турууну шарттайт.

8-июнда сот алардын доо арызын канааттандырып, компаниялар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес, аларга доо коюлбашы керектигин жана алардын менчиги конфискацияланышы мүмкүн эмес деген токтом чыгарган. Кенди иштетүүгө байланыштуу келишимдер бузулуп же өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

Бирок Бөлтүрүктүн айтымында, кыргыз тарап келтирген жүйөөлөрдөн улам Нью-Йорк соту банкрот боюнча ишти 15-июлга чейин жылдырган.

«Алар муну туура эмес түшүнүп алып, эмнегедир жеткирүүлөрдү токтотууну чечишкен. Учурда кепилдик каттарын жөнөтүүгө туура келип жатат, биздин Нью-Йорктогу юристтер бир да жеткирүүчү, бир да келишим шартын аткаруучу келишим боюнча милдеттерин токтотуп жана аны бузуудан баш тартууга укугу жоктугу тууралуу каттарды жөнөтүп жатышат. Ошондуктан бардыгы менен жазышып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө туура келип жатат», — деди ал.

Эсептерге жеткилик жок

Бөлтүрүктүн айтымында КГК өзүнө таандык 1,7 млрд доллар каражатка дагы жеткилигин жоготкон. Себебеи Centerra компаниянын эсептерин толугу менен көзөмөлдөйт жана аларды жаап салган.

«“Кумтөр голд компанинин” эсебинде жетиштүү каражаты бар. Үстүбүздөгү жылдын март айында директорлор кеңешинин акыркы жыйыны өткөн, протоколго ылайык, банктык эсепте 1,3 млрд доллар акча бар болчу. Быйыл 2020-жылдын таза кирешеси катары кошумча 400 млн доллар которулган. Ошондо баары болуп 1,7 млрд доллар акчабыз бар, бирок ал акча бизге жеткиликсиз болуп калды», — деди ал.

Бөлтүрүк Centerra компаниясынын айынан КГК кызматкерлерине айлык маяна берүү үчүн «тез арада алтынды сатып, акча кылууга» аргасыз болгонун айтты. Бирок ал тышкы башкаруу учурунда кызматкерлерди кыскартуу болбосун убада кылды.

«Кенди камсыздоону эске албаганда, дээрлик баары калыбына келтирилди. Кызматкерлердин маанайы жакшы», — деп билдирди ал.

Бөлтүрүктүн айтымында, Centerra менен мунасага келгенден кийин «Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу алынат. Ага чейн убактылуу тыштан башкаруу узартылат.

Сууну колдонуу үчүн акы

Бөлтүрүк билдиргендей, учурда кендин муктаждыктары үчүн суунун 80%ы Петров көлүнөн, калганы карьерден алынууда. Анын айтымында, мындан ары «Кумтөр Голд Компани» Петров көлүнөн суу алып колдонуу үчүн акы төлөйт.

«Биз Петров көлүнөн суу алып колдонуу үчүн акыр-аягы акы төлөөнү киргиздик. Эгерде жаңылбасам, куб метри үчүн 56 сомдон сүйлөштүк. Бул жыл сайын 3 млн доллардан ашык каражат, биз [КГК] суу акысын төлөгөнгө даярбыз», — деди ал.Анын айтымында, келечекте КГК карьерден суу алып колдонууга өткүсү келет.

Жер алдынан казууга өтүү

Бөлтүрүктүн айтымында, КГК келечекте кенде жер алдынан казуу иштерине өтүүнү пландап жатат. Ал 2012-жылы Centerra долбоор белендеп койгону менен жер алдынан казуу иштерин жүргүзүүдөн баш тартып койгонуна нааразы болду.

Ошондой эле Бөлтүрүк иштелип чыккан тоотек мөңгүнүн ылдый жагына чыгарылып жатканын билдирди. Мурда алар Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө төгүлчү.

«Келечекте жер алдынан казууга өтөбүз, мындай казуудан кийин тоотекти кайра жер алдына калтыруучу технология бар. Ушул технологияны ишке киргизүүнү көздөп жатабыз», — дейт ал.

Андан тышкары, Бөлтүрүк Кумтөрдөн түшкөн пайда ар кайсыл фонддордон тышкары, башка кендерди иштетүүгө жумшаларын айтты. Анын айтымында, каражат Алтынкен, Андаш, Талды-Булак, Жетим-Тоо жана Бала-Чычкан кендерин иштетүүгө жумшалат.

Кыргызстан эмнеге Centerra менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатат?

Бөлтүрүк Centerra айыптоочу тараптын позициясын карманып, экологиялык бузууларга жол бергенин моюндагысы келбей жатканын белгиледи.

«Мен биз эмнеге үн катпай жатканыбызды түшүндүрүп бере алам. Мен өкмөт үчүн жооп бере албайм, бирок азыр мындайча жагдай түзулүп жатат, Centerra айыптоочу тараптын позициясын карманып алды. Алар мамкомиссия тарабынан айтылган фактыларды моюндагылары келбей жатат — бул аталган компаниянын кыргыз ресуртарына, мөңгүлөрүнө карата көп жылдан берки уурулук мамилеси, компетентсиз башкаруу. Компания эмдигиче экологиялык зыянды моюндабай жатат», — деди ал.

Бөлтүрүк өлкө жетекчилиги менен сүйлөшкөнүн баса белгилеп, «Centerra аларга коюлган дооматтарды мойнуна алып, кен иштетүүдө Кыргызстанга тең укуктуу өнөктөш катары мамиле кылмайынча сүйлөшүүлөр болбостугун» билерин айтты.

Кумтөрдүн айланасында эмне болуп жатат?

Кумтөр кени июнь айынын башынан тартып коомчулук менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүл борборунда болууда. Кен иштетүү боюнча келишимдерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, анын алкагында бир катар саясатчылар, анын ичинде экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов камакка алынган.

Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Андан бир күн мурда, 6-майда парламент депутаттары каалаган компанияга сырттан башкаруу киргизүүгө жол берген мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкан болчу.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

14-майда сырттан башкарууну киргизүү тууралуу мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал эми «Кумтөрдөгү» сырттан башкаруучулук кызматка президент Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Centerra Gold кандай кадамдарга барды?

Centerra Gold Inc. кыргыз бийлигинин аракеттерине жооп кылып, Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык милдеттүү териштирүү демилгелеген. Компаниядагылар бийликтин аракети тараптардын ортосундагы келишимдерди бузат деп эсептешет жана алар укутарын коргоону көздөшөт.

Канаданын компаниясы сотто Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгартууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер Кумтөр боюнча инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

Ошондой эле, Centerra Gold Inc Кыргызстандын «Кумтөр голд компаниге» каршы аракеттеринин негизинде келтирилген зыянды жана чыгымды кыргыз тарапка төлөтүп алууну көздөйт.

Кийинчерээк Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, Centerra Gold «Кумтөрдүн» сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданган.

Центерранын билдирүүсүндө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын, мындан тышкары, ал «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылган.

Канадалык компания сот аркылуу Бөлтүрүктүн Кумтөр кенин башкарууга түз же кыйыр катышуусуна тыюу салдыргысы келет.