Акыркы суткада коронавирустан бир адам каза болуп, 40 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 29-декабрга карата коронавирустан бир адам каза болду, илдеттен 50 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 40 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.

  • Бишкек шаарында — 14;
  • Чүй облусунда — 9;
  • Ысык-Көл облусунда — 8;
  • Жалал-Абад облусунда — 7;
  • Баткен облусу — 2;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 592ге жетти. Өлкө боюнча 179 730 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 799 адам көз жумду.

Учурда 266 бейтап ооруканада, ал эми 322 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 29-декабрга карата 7 092 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 3 677 адам биринчи дозасын, ал эми 3 415 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.