Өзгөн мэриясынан Жаңы жылдык балатыны активисттер жасаганын билдиришти

Ош облусунун Өзгөн шаардык мэриясы талкууга алынган Жаңы жылдык балаты боюнча комментарий берди. Калаа бийлигинен балатыны жарандык активисттер жасаганын билдиришти.

Мэриянын аппарат жетекчиси Мамытбек Тайлаков «Клоопко» түшүндүргөндөй, активисттер борбордо өскөн балатыны кооздоону каалашканын айтышкан. Мэрия аларга жалтырактарды сатып берген.

Тайлаков соцтармакка жарыяланган сүрөт балаты жаңы жасалып баштаганда тартылганын, балаты 28-декабрдын кечинде толук жасалып бүттү деп түшүндүрдү.

«Жаштар балатыны жасап баштап, калганын эртең улантабыз деп кетип калышкан экен. Бүтө электе ар кандай көрүнө берет да», — деди ал.

Жасалгаланып бүткөн балаты

Тайлаков Өзгөндө жылда эле балаты жасалбашын, ага бюджеттен акча каралбаганын кошумчалады.

Буга чейин соцтармактарда Өзгөндүн борбордук аянтында жасалгаланган Жаңы жылдык балатынын көрүнүшү сынга алынган. Блогер Адыл Акжол уулу «мэрия Өзгөн элин шерменде кылды» деп белгилеген.

«Күлүштү же ыйлашты билбейсиң! Алар [мэрия] кайда карап отурат? Көрүнгөн адам туш келди жерге өз билгенин аткарса эч ким эч нерсе дебейби?» — деп суроо салган ал.

Ал эми иликтөөчү журналист Актилек Капаров Өзгөн мэриясы жарыялаган тендерлерди издеп, мэрия балатыны кооздоочу жалтырактарды 10 миң сомго сатып алганын аныктаган.

29-декабрда Өзгөн шаарынын беш тургуну «Акипресс Ошто» маалымат жыйын курушту. Алар «шаардын мэрин айрым кишилер жеке кызыкчылыгы үчүн каралап жатат» деп айтышты. Анын ичинде борбордук аянттагы балаты «жасалгаланып бүтө электе анын сүрөтүн тараткандарга» нааразы болушту.