Москвада мигранттар мушташып, үч адам жабыркады

Москвада 1-январга караган түнү мигранттар мушташып кетти, алардын арасында кыргызстандыктар бар экени белгилүү болду.

«Интерфакс» басылмасы жеке булактарына таянып, чыр Өзбекстандын үч жаранынын жана он кыргызстандыктын ортосунда чыкканын билдирди. Мушташтын себеби жеке кастык болгону айтылды.

«Жаңжалдын натыйжасында үч адам бычакталып, оор жаракат алган. Өзбекстандын эки жараны жана Кыргызстандын бир жараны жабыркаган», — деген басылманын маектеши.

«Известия» онлайн басылмасы, Орусиянын ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын пресс-релизине таянып, полиция 10 кишини кармаганын билдирди. Басылма кармалгандардын үстүнөн чет элдик жарандын Орусияга кирүү эрежелерин же өлкөдө жүрүү режимин бузгандыгы боюнча протоколдор түзүлгөнүн маалымдаган. Ошондой эле, ден соолукка атайылап оор залал келтирүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы 15 Кыргызстандын жараны милицияга жеткирилип, бир кыргызстандыкка медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери окуянын чоо-жайын билүү жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн полиция бөлүмүнө барышкан.

Кармалгандар Орусиядан мажбур чыгарылып, аларга беш миңден жети миңге чейин айып пул салынышы мүмкүн.