Кыргызстанда COVID-19 жуктурган эки бейтап каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 4-январга карата сутка ичинде COVID-19 жуктурган эки бейтап көз жумганын кабарлады. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 2 807 адамга жетти.

Ал эми акыркы суткада коронавирустун 52 жаңы учуру катталды. Бишкекте — 34, Ошто – 10, Ысык-Көлдө — 1 жана Жалал-Абадда — 6 учур катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 184 879 адамга COVID-19 жуккан.

Бир сутка ичинде 50 бейтап короновирустан айыгып чыкты. Ошентип пандемия башталгандан бери 179 997 адам илдеттен айыкты.