Бишкек — Ош жолунда унаа токтотулуп, арткы отургучунан аялдын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда автоунаанын арткы отургучунан киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздук башкармалыгынан билдиришти.

4-январда болжолдуу саат 21:50 чамасында облустук башкармалыктын инспекторлору жана ИИМдин «Шумкар» атайын полку Бишкек — Ош авто жолунда, Кара-Суу районуна караштуу Медресе айылынын жол тилкесинде кызмат өтөп турушкан.

Ошол учурда аларга «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу келип, жолдун бурулушунда машинанын жанында эки адам урушуп жатканын кабарлаган. Кызматкерлер аталган жерге келип, ал жерден «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаа кетип жатканын көрүшкөн. Милиционерлер машинанын артынан жөнөп, кароо учурунда унаанын арткы отургучунан аялдын сөөгүн табышкан.

Унаанын айдоочусу, тагыраагы, Кара-Суу районунун 1983-жылкы М.А., тургуну дароо кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Киши колдуу болгон аял 1991-жылы туулган Ош шаарынын Г.Т., аттуу тургуну болуп чыккан.

Унаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Башкы бетке иллюстративдик сүрөт коюлду