Кармоолор, ӨА режими, коменданттык саат — Казакстанда массалык нааразылык уланууда

Казакстандын бир нече шаарында массалык толкундоолор уланып жатканына үч күн болду. Шаарларда митинг суюлтулган газдын баасы кымбаттагандыктан улам Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарынан башталган.

Республиканын Алматы шаарынын аянты, 5-январь. Сүрөт: Vlast.kz

Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.

Жаңы-Өзөндө башталган нааразылыктардан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөткө өлкөдөгү кырдаалды талкуулоону тапшырган. Аны менен бирге өлкө башчысы митингчилерди коомдук тартипти бузбоого чакырган.

Ал арада Жаңы-Өзөндөгү митингчилерди колдоп Актау шаарынын тургундары, алар менен кошо Мангыстау облусундагы мунай өндүрүүчү ишканалардын кызматкерлери да нааразылыкка кошулушкан.

Видео: Vlast.kz

Мындан тышкары, Vlast.kz басылмасы 5-январга караган түнү Казакстанда Telegram, WhatsApp жана Signal мессенжерлери иштебей калганын билдиришкен.

5-январдын таңында Казакстандын Алматы шаарында жана Мангыстау облусунда 2022-жылдын 19-январына чейин өзгөчө абал (ӨА) киргизилгени белгилүү болду.

Мындай чечим «жарандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле укук тартибин калыбына келтирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо» максатында кабыл алынганы кабарланды.

ӨА режими менен бирге Алматы шаарында жана Мангыстау облусунда 23:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Өзгөчө абал учурунда Алматы жана Мангыстауга кирүү жана чыгуу чектелип, ар кандай чогулуштарга тыюу салынат. Казакстандын президенти митингчилердин бардык мыйзамдуу талаптары эске алынып, алар боюнча чара көрүлөрүн да убада кылган.

Ал эми 5-январь күнү эртең менен казак өкмөт отставкага кеткени маалым болду. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары убактылуу Алихан Смаиловго жүктөлдү — ал биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп турган. Ал эми өкмөттүн башка мүчөлөрү жаңы курам бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.

Өкмөт отставкага кеткенден кийин Казакстандын президенти кезектеги жыйынын өткөрүп, ал жерден өлкө бийлиги суюлтулган газдын баасына 180 календардык күнгө бааны жөнгө салуу киргизилерин билдирди. Муну менен бирге Токаев газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу нааразылык толкунуна жол берилгени үчүн жоопкерчилик өкмөткө, энергетика министрлигине, анын ичинде «КазМунайГаз» жана «Казакгаз» компанияларына жүктөлөрүн кошумчалады.

Казак ИИМнин алдын алы маалыматына ылайык, бир нече күндөн бери уланып жаткан нааразылыктар учурунда өлкөнүн ар башка аймактарында 200дөн ашуун адам кармалган.

«Жарандардан турган айрым топтор жолдорду тороп, транспорт кыймылын бөгөттөп, коомдук тартипти, жарандардын тынчтыгын жана калктуу конуштардын турмушун камсыздоо системасын бузушту. Мындан тышкары, укук тартибин жана коопсуздукту камсыздап жаткан укук коргоо орган жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кол салуулар болду», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Алардын маалыматына ылайык, Алматы, Шымкент жана Тараз шаарларында дагы акимчиликтерге кол салуу аракети болгон.

Казакстандын шаарларындагы нааразылыктар толкунунун шартында Жаңы-Өзөндөгү газды кайра иштетүүчү заводдун директору Накберген Тулепов кармалганы дагы маалымдалды.

Алдын ала маалыматка ылайык, Тулепов газдын баасын эч негизсиз кымбаттаткан. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чал, кет!» Казак бийлиги газга болгон бааны түшүргөнү менен нааразылык акция уланып жатат

Казакстандын өкмөтү жана кызмат адамдары отставкага кетти

Казакстан: Алматы жана Мангыстауда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилди

Алматыда митингге чыккандар менен полиция кызматкерлери кагылыша кетишти

Касым-Жомарт Токаев: Бийлик кулабайт, кызматтык имараттарга кол салуу чакырыгы — мыйзамсыз