Алматыда митингге чыккандар менен полиция кызматкерлери кагылыша кетишти

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулганы кабарланды.

Социалдык тармактарда тараган видеолордо күч органдары болжол менен кулак тундуруучу граната колдонуп жатканын да байкоого болот. Ал эми митингчилер жардыруу болгон аймактан качып кетүүгө аракеттенишүүдө. Маалыматка ылайык, кагылышуу калаадагы Ала-Тоо театрынын жанында орун алган.

Ошондой эле, Алматынын көчөлөрүнүн биринде полициянын унаасы өрттөнүп жаткан видео тарады — кызматтык унаада болжол менен спецназчылар ташылган. Мындан сырткары, демонстранттар унаа токтотуучу жайда турган бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Күч органдары Алматыдагы Демократиялык партия уюштурган «Ойгон, Казакстан» акциясынын жүздөгөн катышуучусун кармаганы кабарланды. Кармалгандардын арасында «Азаттыктын» казак кызматынын эки кызматкери жана бюросунун убактылуу жетекчиси Касым Аманжол да бар болушкан. Аманжол бир нече саатттан кийин бошотулган, беш сааттан кийин журналисттердин бири Дархан Өмүрбек коё берилген.

Мындан сырткары, Алматыдагы Эгемендик аянтына жакын аймакка чогулган миңдеген демонстранттарга полиция көздөн жаш чыгаруучу газга окшогон зат колдонгон.

Казакстандын Ички иштер министрлиги расмий түрдө кайсы шаарларда канча адам кармалганы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Учурда нааразычылык акциялар жүрүп жаткан шаарларда интернет өчүп, байланыш жок болгону айтылууда. Ошондой эле Orda.kz жана КазТАГ басылмаларынын сайттарынын ишмердүүлүгү үзгүлтүккө учурады. Бирок соцтармактарда видеолор байма-бай жарыяланып жатат.

Нааразычылык акцияга эмне себеп болду?

Казак бийлиги 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн суюлтулган газдын бир литрин 120 теңгеге (болжол менен 23 сом) чейин көтөргөн. Буга чейин газдын баасы 55-60 теңге (10-13 сом) болгон.

2-3-январь күндөрү Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында газдын кымбатташына каршы нааразычылык акциялары башталган. Митингге миңдеген киши чогулган. Алар газдын баасын төмөндөтүүнү жана акимдерди шайлоо жолу менен кызматка орнотууну талап кылышкан.

Ал эми 4-январда нааразылык ация Нур-Султан (Астана), Алма-Ата, Шымкент, Караганды, Атырау, Актөбө жана башка шаарларында өттү. Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылууда. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылды.

Ал арада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге эки ирээт кайрылуу жолдоп, калкты сабырдуулукка чакырды. Казак басылмаларында жарыяланган президенттин видео кайрылуусунда «бийлик кулатылбайт» деп ишендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чал, кет!» Казак бийлиги газга болгон бааны түшүргөнү менен нааразылык акция уланып жатат

Касым-Жомарт Токаев: Бийлик кулабайт, кызматтык имараттарга кол салуу чакырыгы — мыйзамсыз