Касым-Жомарт Токаев: Бийлик кулабайт, кызматтык имараттарга кол салуу чакырыгы — мыйзамсыз

5-январга караган түнү Казакстандын президенти өлкөнүн бардык ири шаарларында митингге чыккан жарандарга видео кайрылуу жасады.

Алгач нааразылык акцияга Мангыстау облусунда суюлтулган газдын кымбатташы себеп болгон. Бийлик бааны түшүрүүнү убада кылгандан кийин митингчилер өкмөттүн отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кыла башташкан.

Президент өз кайрылуусунда демонстранттарды этият болууга жана өлкөнүн ичинде да, сыртында да чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Айрым шаарларда оппозициялык «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын мүчөлөрү демонстранттарга кошулуп, Францияда жашаган лидер Мухтар Аблязовдун өлкөгө кайтып келишин талап кыла башташты. «КДТнын» ишмердүүлүгү Казакстанда экстремисттик деп таанылып, республика боюнча тыюу салынган.

«Митингдердин эйфориясына, баары боло берет дегенчиликке алдырбагыла. Жарандык жана аскердик ведомстволордун имараттарына кол салууга чакырыктар толугу менен мыйзамсыз. Бул жазалана турган кылмыш. Бийлик кулабайт!» — деген ал.

Ал арада Алматы менен Астанада демонстранттарды таратуу үчүн үн чыгаруучу гранаталар жана көздөн жаш агызуучу газ колдонулган. Токаев өлкөгө жаңжал керек эместигин айтып, андыктан диалогго келүү керектигин кошумчалады.

«Жаштарга кайрылам! Өмүр жолуңарды бузбагыла, жакындарыңардын өмүрүн уулантпагыла», — деген ал.

Казакстандын президенти митингчилердин бардык мыйзамдуу талаптары эске алынып, аларга чара көрүлөрүн убада кылды.

«5-январь күнү ушул маселелердин бардыгы боюнча жыйын өтөт, сиздерди түшунүү менен кабыл алат деп ишенем», — деген ал.

Узак мөөнөттүү митингдер

Казакстандын ЖМКларындагы маалыматыка ылайык, митингдер Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында 2-январда башталган. Ал жерде тургундар суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу бир нече күн катары менен нааразылык акцияларына чыгышкан. Аларга тилектеш болуп өлкөнүн башка шаарларында да митинг өтүп жаткан.

Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.

Өлкө бийлиги Мангыстау облусу үчүн газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууну убада кылганы менен нааразычылык акциялары өлкө боюнча башталып, митингчилер камакка алынган.

Мындан улам митингчилер күйүүчү майдын баасын арзандатууну эле эмес, өкмөттүн отставкасын, ошондой эле биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кыла башташты. Эң көп «Шал, кет!». (Чал, кет!) деген чакырыктар угулуп жатты.