Казакстан: Алматы жана Мангыстауда 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилди

Алматы шаары, 5-январь

Казакстандын Алматы шаарында жана Мангыстау облусунда 5-январь саат 01:30дан 19-январга чейин өзгөчө абал киргизилди. Тиешелүү жарлыктарга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Мындай чечим «жарандардын коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле укук тартибин калыбына келтирүү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо» максатында кабыл алынганы кабарланды.

Алматы шаарында жана Мангыстау облусунда 23:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Өзгөчө абал учурунда Алматы жана Мангыстауга кирүү жана чыгуу чектелип, ар кандай чогулуштарга тыюу салынат.

Ал эми Алматы шаардын коменданты катары калаа полиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды.

Буга чейин Казакстандын президенти Токаев демонстранттарды этият болууга жана өлкөнүн ичинде да, сыртында да чагымчылдыкка алдырбоого чакырган.

«Митингдердин эйфориясына, баары боло берет дегенчиликке алдырбагыла. Жарандык жана аскердик ведомстволордун имараттарына кол салууга чакырыктар толугу менен мыйзамсыз. Бул жазалана турган кылмыш. Бийлик кулабайт!» — деген ал.

Ал арада Алматыда нааразычылык акциясынын миңдеген катышуучулары жана полиция кызматкерлери кагылышып, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулду. Мындан сырткары, демонстранттар бир нече полициянын унааларын өрттөп жиберишкен.

Узак мөөнөттүү митингдер

Казакстандын ЖМКларындагы маалыматыка ылайык, митингдер Казакстандын Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында 2-январда башталган. Ал жерде тургундар суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу бир нече күн катары менен нааразылык акцияларына чыгышкан. Аларга тилектеш болуп өлкөнүн башка шаарларында да митинг өтүп жаткан.

Митинге чыккандар 2022-жылдын 1-январынан тарта унаалар үчүн газдын баасы литрине 120 теңгеге (23 сомго) чейин көтөрүлгөнүнө нааразы болушкан. Алардын айтымында, өткөн жылдын ортосунда эле күйүүчү майды 55-60 теңгеден (10-13 сомдон) алышчу.

Өлкө бийлиги Мангыстау облусу үчүн газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатууну убада кылганы менен нааразычылык акциялары өлкө боюнча башталып, митингчилер камакка алынган.

Мындан улам митингчилер күйүүчү майдын баасын арзандатууну эле эмес, өкмөттүн отставкасын, ошондой эле биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кыла башташты. Эң көп «Шал, кет!». (Чал, кет!) деген чакырыктар угулуп жатты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алматыда митингге чыккандар менен полиция кызматерлери кагылыша кетишти

«Чал, кет!» Казак бийлиги газга болгон бааны түшүргөнү менен нааразылык акция уланып жатат