ЖМК: Камчыбек Ташиев пневмонияга чалдыгып, ооруканага түштү

Камчыбек Ташиев

Бир катар ЖМКлар жеке булактарын таянып Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония илдети менен ооруканага жаткырылганын жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын башчысы Республикалык инфекциялык ооруканасына 4-январда жаткырылган. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

«Камчыбек Ташиевден COVID-19ду аныктоо үчүн тест алынды. Анын жыйынтыгы эртең менен даяр болот», — деп жазды «Кактус» басылмасы.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы комментарий берүүгө жеткиликсиз болууда.

Ташиев 2020-жылдын июль айында да эки тараптуу пневмонияга кабылып, ооруканага жаткырылган.