«Муунттум, урдум». Кара-Сууда аялын өлтүргөнүн мойнуна алган киши камакка алынды

Шектүү

Ош облусунун Кара-Суу районунда 30 жаштагы аялдын өлүмүнө байланыштуу «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, окуя 4-январь күнү саат 21:57 чамасында болгон. Милицияга райондун Шарк айыл аймагында Ош — Бишкек жолунун 663-чакырымындагы бурулушуна жакын талаада Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу аялын өлтүрүп койгону кабарланган.

Ыкчам-тергөө тобу жерине барып, токтоп турган унаанын арткы отургучунда аялдын сөөгүн табышкан. Сырттан кароо жүргүзүү учурунда аялдын мойнунда жоолугу оролуп, кызгылт түстөгү тактар бар экендиги аныкталган.

Ал эми 39 жаштагы күйөөсү милиционерлерге маркум анын экинчи аялы экенин айтып берген. Анын сөзүндө, аялы менен 3-январь күнү сөз талашып уруша кетишкен. 4-январда саат 17:00 чамасында үйүнө келип аялын алып Өзгөн шаарына барып, кайтып келатып Фуркат айылына жеткенде экөө кайрадан чырдашкан.

«Мындан улам киши унаасын талаа тарапка айдап барган. Ал аялы менен алыша кетип маркум жерге жыгылган учурда анын оозун колу менен жаап, жоолугу менен муунткан. Аялы кыймылдабай калганда унаанын арткы отургучуна отургузуп окуя болгон жерде кетүүгө камынган. Ошол учурда милиционерлер барып калган», — деп билдиришти Ош ОИИБиден.

Милиция тараткан видеодо киши күнөөсүн мойнуна алганын көрүүгө болот. Жубайын «муунттум, урдум» деп айтып берген ал.

Милиция тергөөнү улантып жатат. Аялдын алган жаракаттарынын оордук даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медэкспертиза дайындалган.

Ал эми айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

Бул жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылды. Өлкөдө эркектер аялдарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп көп учурда жазасыз калышат.

Ошондой эле Кыргызстанда аялдар көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Акыркы жылдарда жыл сайын 7000дей үй-бүлөлүк зомбулук катталып жатат. 2021-жылдын ноябрь айындагы расмий маалымат боюнча өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган. Бул 2020-жылга караганда 30%га көп.

Мындан сырткары, көпчүлүк зомбулук жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча кенен экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштер айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан жоопкерчиликке тартылбай турганын билген агрессорлор аялдарын өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттери Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөө жүргүзүп, аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табаарын аныкташкан — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандык болуп эсептелет.

Кененирээк окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү