Чек ара кызматы: Акыркы суткада 1,5 миң казак жараны Кыргызстанга өттү

Мамлекеттик чек ара кызматы 5-январдан 6-январга чейин кыргыз-казак чек арасын 5500дөй киши кесип өткөнүн билдирди. Алардын 1,5 миңдейи Казакстандын жарандары экени айтылды.

Ошондой эле Кыргызстандан Казакстанга 3 076 киши чыгып кетти — алар 2 349у казак жараны. Чек ара кызматы учурда чек арада абалда туруктуу деп билдирди. Ошондой эле 2021-жылдын 30-декабрынан бери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөлүп жатканы, ал эми өткөмө бекеттер кадимки шартта иштеп жатканы айтылды.

«Казакстан менен чек ара бекеттеринде адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок. [...] УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз жана казак тарап чек арадан адамдарды, автоунааларды өткөрүүгө, товарларды жана товарларды экспорттоого/импорттоого эч кандай кошумча чектөө киргизбегендигин белгилейт», — деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын ТИМи алардын кызматкерлери Казакстандын Алматы шаарынан мекендештерди эвакуациялоо менен алектенип жатканын маалымдаган. Алар үчүн Кыргызстандын чек арасына чейин бекер транспорт уюштурулуп, андан кийин аларды ТИМдин кызматкерлери тосуп алмай болгон.

Учурда Казакстандын жарандары үчүн чек ара ачык. Кыргыз бийлиги буга чейин Казакстандан келгендерден ПЦР анализди талап кылууну жокко чыгарган. Мындай чечим коңшу өлкөдө кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу кабыл алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Казакстан: Митинг учурунда миңден ашык адам жабыркап, 400 киши ооруканага түштү

Пашинян: ЖККУ Казакстанга «тынчтык орнотуучу» күчтөрдү жиберет

ТИМ: Кыргызстан Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы абалга тынчсыздануусун билдирди