ТИМ: Кыргызстан Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү таратып, Кыргызстан Казакстанга зарыл болгон учурда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

ТИМ тараткан билдирүүдө, Кыргызстан боордош Казакстандагы акыркы окуяларга кунт коюу жана тынчсыздануу менен көз салып жатканы айтылат.

«Кыргызстан эки элдин бир туугандык бекем байланышына жана эки мамлекеттин союздаштык мамилелерине жараша Казакстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө чын дилинен кызыктар. Кыргызстан ар дайым бир тууган Казакстандын жанында болуп келген, болуп кала берет жана дайыма ар кандай колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр», — деп жазылат билдирүүдө.

ТИМ Казакстан бийлиги үчүн бүгүнкү күндө «өз ара алгылыктуу чечимди табуу жана абалдын мындан ары курчушуна жол бербөө өзгөчө маанилүү» деп эсептейт.

«Казакстан элине жана өлкө жетекчилигине мүнөздүү болгон даанышмандык, көрөгөчтүк жеңип, тынчтыкты жана ынтымакты сактоого жардам берерине ишенебиз. Бул бардык күч-аракеттерди бириктирип, мыйзам чегинде цивилизациялуу диалогду түзгөндө гана мүмкүн экенине ишенебиз», — деп белгилешти министрликтен.

ТИМ «зордук-зомбулук, мыйзамсыздык жана провокация, ошондой эле мыйзам бузууларга жоопкерчиликсиз чакырыктар курч проблемаларды жеңүүгө алып келбей, тескерисинче, карапайым калктын абалын начарлатаарын» белгиледи.

Министрлик коңшу республика түзүлгөн кырдаалды өз алдынча жана сырттан кийлигишүүсүз жөнгө салууга кудуреттүү экенине ишенерин кошумчалады.

Казакстандагы нааразычылык акция

Казакстандагы нааразычылык акциясы. Сүрөт: orda.kz

Казакстандын бир катар шаарларында нааразычылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган. 

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги митингдер учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун кабарлаган. Ал эми 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алды.

Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандарын чыр-чатакка катышпоого чакырды

Казакстанда митинг учурунда сегиз полиция кызматкери, улуттук гвардиянын аскери каза болду