Президент Садыр Жапаров Казакстандагы абалга тынчсыздануусун билдирди

Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар телефондук сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жапаров 5-январдын кечинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ЖККУнун төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшкөн.

Алар Казакстандагы кырдаалды жана ЖККУнун уставына ылайык «кризистик кырдаалды жөнгө салуу боюнча коопсуздукту камсыздоонун бирдиктүү позициясын» талкуулашкан.

Сүйлөшүүдө Жапаров коңшу өлкөдөгү болгон адам курмандыктары, көптөгөн талап-тоноочулук жана башка фактылар тууралуу маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген.

6-январга караган түнү Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган.

Анда Токаев өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп билдирген.

«Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүн талкалоо», — деген ал.

Аны менен катар, Токаев «террордук топтор» чет өлкөлөрдөн олуттуу даярдыктан өтүп келгенин белгилеп, өнөктөштөргө кайрылууну орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептей турганын айткан.

Казакстандагы митингдер

Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканына төрт күн болду. Митингдер алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына байланыштуу Мангыстау облусунун Жаңы-Өзөн шаарында башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Шаарларда демонстранттардын негизги агымы 4-январда чыга баштаган.

Нааразы тарап газдын баасын төмөндөтүүдөн сырткары өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылган. Митингчилер арасында «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанып жатат.

Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Мурда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев башкарган Коопсуздук кеңешин Токаев өзү жетектей турганын айткан. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги митингдер учурунда сегиз полиция кызматкери жана улуттук гвардиянын аскери каза болгонун кабарлаган. Ал эми 317ден ашуун күч орган кызматкери түрдүү жаракат алды.

Ал эми Алматы шаарынын коменданты Канат Таймерденов калаадагы башаламандыктарда 500дөн ашуун жарандарга кол салуу болгонун маалымдаган. Таймерденов жабыркагандардын 130у аялдар жана улгайган кишилер экенин белгилеген.