«Көчөдө жүргөн адам эмеспиз». Президент Казакстанга аскерлерди жиберүүгө каршы чыккандарды сындады

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 6-январь күнү кечинде Фейсбуктагы барагында Казакстандагы кырдаал тууралуу билдирүү жасады. Ал Ак үйдүн алдына митингге чыккандарды «популист» деп атап, аскерлер коңшу өлкөгө «туруктуулукту орнотконго жардам берүү» үчүн жөнөтүлөрүн айтты.

«Боордош коңшу Казакстанда болуп жаткан жагдай боюнча ар ким ар кандай ой пикир айтып, 20-30дай популист жаран жеке кызыкчылыктары үчүн ушундай трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максаттарды көздөп Ак үйдүн алдына чыга калышты. [...] Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз», — деди ал.

Президент «кыргыз армиясын митингге чыккан казак бир туугандарды аткыла деп жиберип жаткан жокпуз» дейт.

«Биз дагы “жети өлчөп, бир кесип” жатабыз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпасына терең ишенебиз. Тескерисинче туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз», — деп билдирди Жапаров.

Өлкө башчысы жардам сураган Казакстанга кыргыз бийлиги «жардам бериши керек» деп эсептейт.

«Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУнун туруктуу мүчөсүбүз. [...] Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик», — деп кошумчалады президент.

Садыр Жапаров парламенттин депутаттарына кайрылуу жасап, «каршы болбогула» деп суранды.

«Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коелу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде дагы тынчтык болот», — деп кайрылуусун жыйынтыктады президент.

6-январда Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп ЖККУнун Казакстанга «тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү» жиберүү чечимин карап чыгышы керек болчу. Жыйында эл өкүлдөрү Кыргызстан аскерлерин коңшу өлкөгө жөнөтөбү же жокпу чечилмек. Бирок кворум жоктугунан жыйын 7-январга жылды.

Ал арада ЖККУнун сайтында мүчө өлкөлөрдүн күчтөрү Казакстанга жиберилгени боюнча пресс-релиз жарыяланды.

«Жамааттык коопсуздук кеңешинин 6-январда кабыл алынган чечимине ылайык, ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлдү. Алардын курамына Армения, Беларусь, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирди», — деп жазылат анда.

Анткен менен президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» чечимди ЖККУ кабыл алганын белгилеп, «улуттук мыйзамдар боюнча аны Жогорку Кеңеш бекитип бериши керектигин» айткан.

«Кыргызстандык тынчтыкты орнотуучулар стратегиялык объектилерди коргоого тартылат. Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына байланыштуу аракеттерге катышпай турганын баса белгилейбиз», — деген Султанбаев.

Парламент чукул жыйынга чогулаары белгилүү болгон соң Ак үйдүн алдында активисттер митинг өткөрүштү. Алар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы болушуп, ЖККУнун курамынан чыгууну талап кылышты.

Ак үдүн алдына митингге чыккан активисттер. Сүрөт: Айдай Токоева / «Клооп»

6-январга караган түнү Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы абалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган.

Анда Токаев өлкөдө «террордук топтор» башаламандык жаратууда деп билдирген.