Кыргыз-казак чек арасында дагы бир өткөрмө бекети убактылуу жабылды

«Каркыра — Автожол» өткөрмө бекети

Ысык-Көл облусундагы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Каркыра — Автожол» өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 7-январда кабарлады.

Буга чейин казак тараптын демилгеси менен төрт өткөрмө пункт убактылуу жабылганы белгилүү болгон, алар: «Кең-Булуң — Автожол», «Токмок — Автожол», «Ак-Жол — Автожол» жана «Ак-Тилек —Автожол». Буга Казакстандын «Бирдиктүү маалыматтык тутуму жарактан чыкканы» себеп болгону айтылган.

Ал эми Чүй облусундагы «Чалдыбар — Автожол» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка — Автожол» пункттар «COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен» штаттык режимде иштеп жатат.

«Кыргызстанда болгон Казакстандын жарандары “Ак-Жол — Автожол”, “Ак-Тилек — Автожол”, “Каркыра — Автожол” пункттарынан [мекенине] кайтса болот. Казакстанда болгон Кыргызстандын жарандары “Чалдыбар — Автожол” жана “Чоң-Капка — Автожол” өткөрмө пункттарынан [мекенине] кайта алышат», — деп кошумчалашты УКМКнын Чек ара кызматынан

Ошондой эле ведомстводон Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө кетүүгө убактылуу тыюу салынганын билдиришти. Маалыматка ылайык, 7-январь саат 14:00го карата кыргыз-казак чек арасындагы абал туруктуу.

Казакстанда 2022-жылдын 2-январынан бери митингдер өтүүдө. Мындан улам өткөрмө пункттары убактылуу жабылган. Коңшу өлкөдөгү митингдер суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу Мангыстагу облусунда башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Демонстраттардын негизги бөлүгү 4-январдан тартып ар кайсы шаарларда нааразычылык акцияларына чыга башташкан.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.