Чек ара кызматы казак тараптын демилгеси менен төрт өткөрмө бекет ишин токтотконун маалымдады

УКМКнын Чек ара кызматынан 7-январь күнү Казакстан тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек арасындагы төрт өткөрмө пункту убактылуу жабылганын кабарлашты.

Чүй облусундагы «Кең-Булуң — Автожол», «Токмок — Автожол» өткөрүү бекеттери жабылганы тууралуу 7-январда эртең менен ведомствонун басма сөз кызматы кабарласа, «Ак-Жол — Автожол» жана «Ак-Тилек —Автожол» бекеттери убактылуу ишин токтотконун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин чукул жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Ведомстводон казак тарап «Бирдиктүү маалыматтык тутум жарактан чыкканына байланыштуу» өткөрмө пункттарын убактылуу жапты деп түшүндүрүштү.

«Кыргыз-казак мамлекеттик чек аранын калган өткөрүү пунктары: Чүй облусундагы “Чалдыбар — автожол”, Талас облусундагы “Чоң-Капка-автожол” жана Ысык-Көл облусундагы “Каркыра-автожол” өткөрүү жайлары COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен штаттык режимде иштеп жатат», — деп белгилешти Чек ара кызматынан.

Аны менен катар, 2022-жылдын 7-январына карата кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин кошумчалашты.

Казакстанда 2022-жылдын 2-январынан бери митингдер өтүүдө. Мындан улам өткөрмө пункттары убактылуу жабылган. Коңшу өлкөдөгү митингдер суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу Мангыстагу облусунда башталган.

Андан соң, бир нече күн ичинде башка шаарлардын дагы жашоочулары митингге кошула баштаган. Демонстраттардын негизги бөлүгү 4-январдан тартып ар кайсы шаарларда нааразычылык акцияларына чыга башташкан.

Өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жаткандыктан 6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кайрылып, «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сураган. Ал бул кайрылуусун өлкөдө интернет пайда боло баштагандан кийин гана жасаган — бийлик 5-январда интернетти дээрлик 7 саатка жакын өчүрүп салган жана бул убакыт аралыгында өлкөдө эмне болуп жатканы белгисиз болгон.

Токаев суюлтулган газдын баасын түшүрүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алып салууну талап кылгандарды «террорчулар» деп атаган. Ошондой эле, Токаев митингчилерге карата «катуу чара көрөрүн» билдирген.

ЖККУнун «тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү» кампаниясына азырынча үч мамлекет макулдугун берди — Армения (70 аскер), Тажикстан (200 аскер), Орусия (3000 аскер).

6-январдан тартып казак бийлиги митингдин уюштуруучуларын «ликвидациялоо» деп аталган «тазалоо» иштерин баштаган. Алматы полициясы ондогон адамдар каза болгонун билдирип, аны «антитеррордук операция» деп атаган.