Нааразылыктын шартында Назарбаевдин кызы жана күйөө баласы 200 млн $ жоготту

Белгилүү каржы-экономикалык Forbes журналы эң бай делген казакстандыктар нааразылык акцияларынын шартында канча каражатын жоготконун изилдеп чыкты.

Басылма төрт казакстандык миллиардерди, анын ичинде Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин да жоготууларын текшеришкен.

«Назарбаевдин кызы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин Лондондун фондулук биржасында катталган «Казакстан Халык Банкы» АКсынын акцияларынын баасы 16%га арзандап, жалпысынан 200 миллион доллар жоготту», — деп жазылат маалыматта.

Forbes журналынын маалыматы боюнча бул түгөйлөрдүн 3,1 миллиард доллар байлыгы бар.

Дагы эки казакстандык миллиардер Вячеслав Ким менен Михаил Ломтадзе нааразылык акцияларында 1,4 миллиард доллардан айрылышкан.

Бул миллиардерлердин казакстандык эң ири Kaspi Bank төлөм компаниясы менен байланышы бар. Вячеслав Ким банктын төрагасы жана эң ири акционери. Ломтадзе — банктын башкы директору. Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын да банк менен байланышы бар. Ал 2015-жылы Kaspi холдингинин акционери болгон.