Султанбаев: Рузакуновду деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев джаз-музыкант, пианист Викрам Рузакуновдун Казакстандагы башаламандыкка катышкан деген шек менен кармалганы тууралуу пикирин билдирди.

Султанбаевдин айтымында, чет өлкөлүк ЖМКлардын Рузакуновду Казакстанга «митингге катышуу үчүн келген деп, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат».

«Бул оңой эмес кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан бардык жагдайлар жана анын себептери тыкыр иликтениши маанилүү», — деп билдирди ал.

Президенттин басма сөз катчысы учурда эки мамлекеттин ТИМи жана ИИМи тарабынан Рузакуновдун кармалышынын жагдайларын аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Ал эми музыканттын тапарташтары Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгышты. Алар казак бийлиги туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, кыргыз бийлигинен реакция кылууну талап кылышты.

Аталган митингге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да келип, Рузакунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин билдирди.

«Биздин жарандар терроризмге айыпталып жаткан учурда биз унчукпай отура албайбыз. Рузакунов террорист эмес. Аны сактап калуу үчүн кыргыз бийлиги бардык колунан келген аракетин жумшайт», — деди ал.

Рузакуновдун кармалышы

Викрам Рузакунов.

9-январда Казакстандык ЖМКларда Викрам Рузакуновдун кармалганы тууралуу видео жарыяланган. Анда ырчы «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан учак менен учуп келгенин» айткан.

Тасмада Рузакунов «бейтааныш адамдар ага байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгонум үчүн макул болдум. Алар мага билет алып беришти, 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти — ал жерде Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар болчу, бирок алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун. Митинг башталганда мен коркуп, батирге кайткам, анын эртеси күнү мени кармап кетишти», — деген Рузакунов.

Ал арада, Кыргызстандын Ички иштер министрлиги музакынттын туугандарына таянып, Рузакунов Алматы шаарында өтүүчү концерттик программаны алып баруу үчүн чакырылганын билдирди.

Ошондой эле, Рузакуновдун жакындары алардын Казакстанда эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, музыкант Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестифалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда Казакстандын тийиштүү органдары менен биргеликте кыргыз жаранынын кармалышы боюнча бардык жагдайларын тактап жатышканын маалымдады.

Тема боюнча:

«Викрам террорист эмес». Рузакуновун тарапташтары казак элчилигинин алдына митингге чыгышты