Казакстандагы нааразылык: Кыргызстандын ТИМи казак элчисине нота тапшырды

Кыргызстандык пианист Викрам Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тийиштиги бар деген шек менен кармалганы тууралуу ЖМКда тараган сюжетке байланыштуу 9-январда Тышкы иштер министрлиги Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевге нота тапшырды.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Азизбек Мадмаров казак элчисине тез арада музыкант Рузахуновду консул менен жолуктурууну камсыздап, жакын арада бошотууга чакырды.

Аны менен катар, ТИМдин маалыматына таянсак, Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кыргыз тараптын тынчсыздануусу Казакстан Республикасынын ТИМне жеткирилерин айтып, жакын арада кеңири маалымат берүүнү убадалады.

«Азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди», — деп белгилейт ТИМ.

Ошондой эле, Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын ТИМнин орун басары Марат Сыздыков жана элчи Рапил Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды.

Аны менен катар, консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык кыргыз жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын белгиледи.

Рузахуновдун кармалышы

Викрам Рузахуновдун кармалганы тууралуу видео Казакстандык ЖМКларда 9-январда жарыяланган. Анда ал «башаламандыктарга катышуу үчүн Кыргызстандан келген» деп маалымдалган.

Тасмада Рузахунов «бейтааныш адамдар ага байланышка чыгып, митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге (17,5 миң сом) сунуштаганын» айткан.

«Мен Кыргызстанда жумушсуз болгонум үчүн макул болдум. Алар мага билет алып беришти, 2-январда Алматыга учуп келдим. Мени батирге алып келишти — ал жерде Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары болушкан, бирок алар эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын түшүнгөн жокмун. Митинг башталганда мен коркуп, батирге кайтып, анын эртеси күнү мени кармап кетишти», — деген Рузахунов.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тийиштүү органдары менен биргеликте кыргыз жаранынын кармалышы боюнча бардык жагдайларын тактап жатышканын маалымдаган.

Ал эми Рузакуновдун жакындары ал кыйноолорго кабылганын жана музыкант менен байланышка чыга албай жатышканын айтышкан. Ал ишмердүүлүгүнө байланыштуу Алматыга гастроль менен бат-баттан барып турганы айтылган.

Ал эми Казакстандын күч органдары кармалган киши Викрам Рузакунов эмес, 31 жаштагы Закир Убуров экенин билдиришкен. Бирок коңшу өлкөнүн полициясы мунун тастыктаган тиешелүү далилдерди жарыялай элек.

Казакстандын ИИМи айтып жаткан Закир Убуров, тагыраагы, Юбуров, ал дагы кыргыз жараны. Анын агасы Тахир Юбуров видеогу киши ал эместигин тастыктады. Бирок ал иниси Закир да кармалганын айтууда.

Тема боюнча:

Алматыда кыргыз жараны «Убуров» дагы кармалган. Бирок видеодогу киши — Рузахунов

Жапаров: Викрам Рузахунов боюнча министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим

«Викрам террорист эмес». Рузахуновун тарапташтары казак элчилигинин алдына митингге чыгышты