Жапаров: Викрам Рузакунов боюнча министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында кыргызстандык джаз-музыкант Викрам Рузакунов тууралуу маалымат чыгары менен министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бергенин билдирди.

Жапаров бул боюнча эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

«Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз», — деп убада кылды президент.

Жапаров Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардар экенин белгилеп, «эки өлкөнүн атайын кызматынын жыйынтыгын күтөлү» деп кошумчалады.

Музыканттын тапарташтары Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгышкан. Алар казак бийлиги туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, кыргыз бийлигинен реакция кылууну талап кылышкан болчу.

Викрам Рузакунов. 

Ал митингге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да келип, Рузакунов буга чейин башаламандыктарга эч качан катышпаганын жана ага «террорист катары» айып тагуу туура эместигин айткан.

«Биздин жарандар терроризмге айыпталып жаткан учурда, биз унчукпай отура албайбыз. Рузакунов террорист эмес. Аны сактап калуу үчүн кыргыз бийлиги бардык колунан келген аракетин жумшайт», — деп убадалаган атайын кызматтын башчысы.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«90 миң теңге». Казакстанда кыргызстандык музыкант Викрам Рузакунов кармалды

«Викрам террорист эмес». Рузакуновун тарапташтары казак элчилигинин алдына митингге чыгышты