Абактан чыккан парламент депутаты Акбөкөн Таштанбеков ант берди

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында Чүй облусунун №30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков ант берди.

Бишкектин Свердлов райондук соту эки күн мурда, 10-январда Таштанбековду эч жакка кетпөө тил каты менен бошоткон болчу.

«Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын» лидери Акбөкөн Таштанбеков 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого Чүй облусунун №30 Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгында эң көп добуш алган. 6-декабрда УКМК аны «улуттар жана региондор аралык кастыкты» козутууга шектеп камакка алган.

Депутаттын кармалуусуна соцтармактарда тараган тасма себеп болгон — анда Таштанбеков видеону тарткан кишини «кемсинткен сөздөрдү айтканын» көрүүгө болот. Бирок аталган видео кийинчээрек өчүрүлгөн.

Акбөкөн Таштанбековдун өкүлү БШКнын жыйынында соцтармакка тараган видео үч жыл мурун тартылганын жана ал «турмуштук чыр-чатак болгонун» белгилеген.

Боршайком Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдугун берген. Аны менен бирге, эгерде Таштанбековдун күнөөсү сотто далилденсе ал депутаттык мандатынан ажыратылары айтылган.

Ал эми 31-декабрда соттун чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековго депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырылган.

Тема боюнча:

БШК абактагы талапкер Акбөкөн Таштанбековду жеңүүчү катары тааныды

Парламенттин жетинчи чакырылышы. Кимдер мандат алды?