БШК абактагы талапкер Акбөкөн Таштанбековду жеңүүчү катары тааныды

Акбөкөн Таштанбеков

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-декабрда өткөн отурумунда үч бир мандаттуу округ боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти.

БШК №21 Талас шайлоо округунан Бактыбек Чойбековду, №30 Ысык-Ата округунан Акбөкөн Таштанбековду жеңүүчү катары аныктап, аларды Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты катары тааныды. Таштанбеков «улуттар жана региондор аралык кастыкты» козутууга шектелип, УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Ал эми №29 Свердлов шайлоо округунун шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды, анткени ал жерде «баарына каршы» эң көп добуш алган. Эми аталган округда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Буга чейин Боршайком 19 округ боюнча шайлоо жыйынтыктарын бекиткен. Бир мандаттуу округдардан депутат болгондордун арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары, ишкерлер жана президент Садыр Жапаровдун кудасы бар.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. БШКнын жыйнтыгы боюнча, Жогорку Кеңешке алты партия өткөн.

Таштанбековго козголгон кылмыш иши

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Акбөкөн Таштанбековду 6-декабрда кармап, ал атайын кызматтын тергөө изоляторуна киргизилген. Талапкердин кармалуусуна соцтармактарда тараган тасма себеп болгон — анда Таштанбеков видеону тарткан кишини кемсинтип, «улуттар жана региондор аралык кастыкты» козутканы маалымдалган.

Бул факты боюнча «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми БШК Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдугун берген.

Отурумда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Таштанбеков талапкер бойдон кала турганын белгилеген. Ошол эле учурда эгерде Таштанбековдун күнөөсү сотто далилденсе ал депутаттык мандатынан ажыратылары айтылган.

Акбөкөн Таштанбековдун өкүлү аталган видео үч жыл мурун тартылганын жана ал «турмуштук чыр-чатак болгон» деп белгилеген.