Абактагы депутат Акбөкөн Таштанбековго күбөлүк жана төш белги тапшырылды

Акбөкөн Таштанбеков. Сүрөт: БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 31-декабрында №30 Ысык-Ата шайлоо округунун жеңүүчүсү Акбөкөн Таштанбековго депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Боршайком Таштанбековду 2021-жылдын 14-декабрында Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты деп тааныган. Анткен менен ал парламенттин 29-декабрындагы отурумунда ант берген эмес, себеби Таштанбеков УКМКнын тергөө изоляторунда кармалууда.

Таштанбеков «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен шектелүүдө. Атайын кызмат саясатчыны 6-декабрда кармаган.

Талапкердин кармалуусуна соцтармактарда тараган тасма себеп болгон — анда Таштанбеков видеону тарткан кишини кемсинтип, «улуттар жана региондор аралык кастыкты» козутканы маалымдалган.

Ал эми БШК Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдугун берген. Отурумда эгерде Таштанбековдун күнөөсү сотто далилденсе ал депутаттык мандатынан ажыратылары айтылган.

Акбөкөн Таштанбековдун өкүлү аталган видео үч жыл мурун тартылганын жана ал «турмуштук чыр-чатак болгон» деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Парламенттин жетинчи чакырылышы. Кимдер мандат алды?