Парламенттин жетинчи чакырылышы. Кимдер мандат алды?

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайланып келген талапкерлерге 29-декабрда мандат берилип, алар ант беришти. Кимдер мандат алды?

«Ата-Журт Кыргызстан»

  1. Бакыт Төрөбаев — Жогорку Кенештин алтынчы чакырылышынын депутаты жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы;
  2. Фархат Исмаилов — «Алай Инвест» компания менен «Ай-Балта» күзөт агенттигинин ээси. Анын бир тууган иниси Нурбек Исмаилов спортчу жана «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси;
  3. Таалайбек Сарыбашов — Ош шаарынын мурдагы мэри;
  4. Айбек Маткеримов — партиянын төрагасы, мурда «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон, «Ата-Журттан» жергиликтүү кеңешке депутат болгон;
  5. Жеңишбек Токторбаев — «Шермухамед» ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  6. Элдар Сулайманов — Ош шаардык кеңешинин экс-депутаты;
  7. Равшан Сабиров — президенттин мурдагы кеңешчиси, экс-вице-премьер-министр;
  8. Жылдыз Садырбаева — «Фарма Мир» компаниясынын негиздөөчүсү;
  9. Алишер Козуев — «Россия Нефть» ЖЧКсынын башкы директору;
  10. Жаныбек Кыдыкбаев — жеке ишкер;
  11. Таалайбек Масабиров — Жогорку Кенештин алтынчы чакырылышынын депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү болгон;
  12. Жамиля Исаева — Башкы прокурордун мурдагы орун басары;
  13. Надира Нарматова — Жогорку Кенештин бешинчи чакырылышынын депутаты, мурда «Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү болгон;
  14. Камила Талиева — Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана мурдагы маданият министри;
  15. Гүлшаркан Култаева — Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты.

«Ишеним»

  1. Медербек Алиев — юрист жана президенттик башкарууну сунуштаган Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон;
  2. Эмилбек Жусупов — мурда «Дастан Курулуш», «Тагай Ата» жана «Эмаком» курулуш компанияларында жетекчилик кызматтарда иштеген. Учурда бул компанияларды анын бир туугандары башкарат;
  3. Жылдыз Таалайбек кызы — Таалайбек Курткаев атындагы фонддун негиздөөчүсү;
  4. Сүйүнбек Өмүрзаков — Ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  5. Улугбек Ормонов — экс-депутат, мурда «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү болгон. 2007-2010-жылдары Бакиевдин «Ак Жол» фракциясынын лидери болгон;
  6. Нурбек Сыдыгалиев — Жогорку Кенештин алтынчы чакырылышынын экс-вице-спикери. Мурда «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү болгон;
  7. Марат Мураталиев — Талас облусунун мурдагы башчысы;
  8. Бахридин Шабазов — Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү болгон;
  9. Русланбек Жакышов — Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты;
  10. Миргүл Темирбаева — «Сырма Текстиль-Бишкек» ЖЧКсынын мурдагы директору ;
  11. Айсара Абдибаева — «Аман Банктын» Ош шаарындагы сберкассасынын жетекчиси болгон;
  12. Чолпон Султанбекова — экс-вице-премьер-министр жана мурдагы депутат.

«Ынтымак»

  1. Эрулан Көкүлов — активист жана «Не сахар» берүүсүнүн автору жана алып баруучусу;
  2. Шарапаткан Мажитова — «Модерн Стиль» курулуш компаниясынын директору;
  3. Талант Мамытов — Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын экс-спикери;
  4. Бакыт Тентишев — «Бирге» партиясынын лидери. Аталган партия шайлоодо «Ынтымак» партиясына кошулган;
  5. Мурадил Сыдыков — «Эм Эс Билдинг» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү;
  6. Марлен Маматалиев — партия лидери, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
  7. Балбак Түлөбаев — Ысык-Көл облусунун экс-башчысы, октябрь окуяларынан кийин Бишкек мэринин милдетин аткарган. Ал кызматын үстүбүздөгү жылдын февраль айында тапшырды. Түлөбаев 2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин Садыр Жапаровду колдоп чыккан;
  8. Аида Исатбек кызы — «Нурс Мебель» ЖЧКсынын директору;
  9. Лейла Лурова — жеке ишкер жана Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого «Республика» партиясы менен аттанган.

«Альянс»

  1. Чыңгыз Айдарбеков — мурдагы Тышкы иштер министри. Ал бул кызматка 2018-жылы дайындалып, бирок өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин кызматынан бошотулган. Кийинчерээк Айдарбеков ошол кезде президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп, көп өтпөй бул кызматтан да кеткен;
  2. Алтынбек Сулайманов — «Бир Бол» партиясынын лидери жана алтынчы чакырылыштын депутаты;
  3. Азамат Исираилов — Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы кызматкери;
  4. Фарходбек Алимжанов — «Бакай-Юг» соода үйүнө, «Ак-Кайын» жабык акционердик коомуна, «Инновация» интеллектуалдык өнүгүү жана бизнести колдоо институтуна жана «Айбек Алимжанов» атындагы кайрымдуулук фондуна ээлик кылат;
  5. Гүлкан Молдобекова — Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
  6. Нилуфар Алимжанова — Статистика комитетинин мурдагы кызматкери;
  7. Жанар Акаев — Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты жана партиянын теңтөрагасы. Алгач БШК анын мандатын «гендердик квота» менен Токтобүбү Оргалчага берген, бирок сот бул чечимди жокко чыгарды.

«Бүтүн Кыргызстан»

  1. Адахан Мадумаров — партия лидери жана экс-депутат;
  2. Исхак Масалиев — «Кыргызстан коммунисттер» партиясынын лидери жана экс-депутат;
  3. Эмил Токтошев — Жогорку Кенештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Мурда «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү болгон;
  4. Алишер Эрбаев — Бажы кызматынын мурдагы кызматкери;
  5. Орозайым Нарматова — активист, мурда «Мекенчил» партиясынын мүчөсү жана Садыр Жапаровдун тарапташы болгон;
  6. Гуля Кожокулова — өзүн жумушсуз деп көрсөткөн.

«Ыйман Нуру»

  1. Нуржигит Кадырбеков — партия лидери жана мурдагы маданият министри;
  2. Султанбай Айжигитов — Баткен облусунун мурдагы губернатору;
  3. Замирбек Мамасадыков — Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн экс-башчысы;
  4. Винера Раимбачаева — акушер-гинеколог;
  5. Динара Ашимова — адвокат.

Бир мандаттуу округ

№1 Лейлек шайлоо округу — Чыңгыз Ажибаев 30 жашта, аскер прокуратурасында тергөөчү болгон;

№2 Баткен шайлоо округу — Нурлан Ражабалиев 46 жашта, мурдагы бажычы. Буга чейин Кыргызстандын футбол курамасында ойногон.

Бажыга 2009-жылы келген, 2017-жылы болсо ведомствонун төрагасынын орун басары болгон.

11-февралда Биринчи май райондук сотунда коррупцияга айыпталган мурдагы чиновниктер Райымбек Матраимов, Нурлан Ражабалиев жана Абдыбахаб Боронбаевдин кылмыш иши каралган. Үчөө тең күнөөлү деп табылып, 260 миң айып салынган.

Мындай чечим экс-бажычылардын тергөө менен кызматташып, күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды ордун толтурууга макул болгону үчүн чыккан;

№3 Кадамжай шайлоо округу — Ырысбек Атажанов 47 жашта. Бирок Лев Толстой көчөсүн узартуу үчүн Бишкек мэриясына 11 сотых жер керек болгондо ал жер тилкесин белекке берген;

№4 Көк-Жар шайлоо округу — Өмүрбек Бакиров 43 жашта, парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты.

№5 Ноокат шайлоо округу — Жусупбек Корганбай уулу 44 жашта, Бокс федерациясынын вице-президенти. Былтыр «Биримдик» партиясы менен менен шайлоого катышкан. «Республика Ата-Журт» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон;

№6 Араван шайлоо округу — Жалолидин Нурбаев 51 жашта. Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;

№7 Ош шайлоо округу — Айбек Осмонов 37 жашта, алтынчы чакырылыштын депутаты жана үч партиянын — «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман Нуру» жана «Биздин Кыргызстан» партияларынын негиздөөчүсү. Ошондой эле «Бир Бол» партиясынын мүчөсү болгон.

Осмонов ишкер катары да таанымал. Айбек Осмонов жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов — «Каганат Инвест» холдингдин кожоюну болуп эсептелишет. Ага «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобиль чыгарган «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» караштуу;

№8 Төлөйкөн шайлоо округу — Нурбек Алимбеков 46 жашта. Алимбеков алтынчы чакырылышта «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон. Ал эми бешинчи чакырылышка «Республикадан» келген. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон;

№9 Кара-Суу шайлоо округу — Искендер Матраимов 59 жашта, парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP басылмаларынын кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты, коррупцияга айыпталган, бажынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы.

Искендер Матраимов 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого дагы катышкан. Анда ал добуш сатып алуга шектелген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон.

№10 Куршаб шайлоо округу — Данияр Төлөнов 49 жашта, алтынчы чакырылышка «Кыргызстан» партиясынан депутат болгон. 2020-жылдын августунда өз каалоосу менен мандатын тапшырып берген.

Данияр Төлөнов 2008-2010-жылдар аралыгында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.

Economist.kg басылмасы иликтөөсүндө, Төлөнов мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө эки бизнесин декларациясына көрсөтпөгөнүн аныктаган;

№11 Алай шайлоо округу — Улан Примов 42 жашта, парламенттин алтынчы чакырылышынын депутаты. Анын үй-бүлөсүнүн ири бизнестери бар. Декларацияларда «сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүү» менен алектенген «Прима-Триумф» кампаниясы көрсөтүлгөн.

Примов өзүнүн «Примов» коомдук фонду аркылуу кайрымдуулук кылат. Анын атасына тоо-кен иштетүүчү беш компания катталган: «Пэрити Коал», «Пэрити Коал Юг», «Көмүр компания», көмүр казган «Ош Пирим ОСкен» жана акиташ жана гипс казган «Береке Кен».

Ошондой эле Бердибай Примовго анын көмүр казуучу компаниясы казган көмүрдү ташыган «Ош-Пирим-Транс» компаниясы катталган. Примов «Ош Пирим Медиа» жана «Прайм Медиа» телерадикомпанияларынын ээси. Анын эжеси Клара Примова — «Улан Чи» кыш заводунун директору.

Дагы бул үй-бүлө менен «Ош Пирим Деронг», «Адыгене Строй» жана «Синжи Пирим» ЖЧКсынын байланышы бар;

№12 Өзгөн шайлоо округу — Элмурза Сатыбалдиев 55 жашта, азыр Азиялык волейбол конфедерациясынын башкы катчысы. Курманбек Бакиевдин тушунда башкы прокурор болгон. Ошол эле учурда президенттин башкы кеңешчиси болгон.

2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2016-жылдын соңунда сот белгилеген жазанын үчтөн экисин өтөп эркиндикке чыккан;

№13 Сузак шайлоо округу — Тазабек Икрамов 47 жашта, алтынчы чакырылышка «Өнүгүү Прогресстен» депутат болгон.

№14 Жалал-Абад шайлоо округу — Шайырбек Ташиев 45 жашта, «Ата Журт» партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

2013-жылы достору менен байкеси Камчыбек Ташиевди (учурдагы УКМК башысы), Садыр Жапаровду (азыр президент) жана Талант Мамытовду (жетинчи чакырылышта кесиптеши болот) бошотуу талабы менен Бишкек — Ош жолунун бир бөлүгүн жаап алышкан. Анда Шайырбек жана анын компаниясына каршы кылмыш иши козголуп, массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилген. 2021-жылдын жаз айында гана коюлган айыптоолор боюнча өкүм жокко чыгарылган;

№15 Базар-Коргон шайлоо округу — Айбек Алтынбеков 43 жашта, «Республика — Ата Журт» фракциясынын алтынчы чакырылыштагы депутаты;

№16 Ноокен шайлоо округу — Бактыбек Сыдыков 51 жашта, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу. «Республика — Ата-журт» партиясынан депутат болгон. Былтыр парламенттик шайлоого Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмедесинде 22-катарда барган.

2005-жылы финансы министринин кеңешчиси болгон. 2007-жылга чейин «Манас» аэропортунун коммерциялык иштери боюнча вице-президенти болгон. 2007-жылдан 2010-жылга чейин бозгун президент Курманбек Бакиевдин убагында «Манас» аэропортун башкарган. Ошондой эле, ал 2000-2001-жылдары «Кыргыз-Дан-Азыкты» жана 2001-жылдан 2005-жылга чейин «Кыргыз-Данды» жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылга чейин АККА компаниялар тобунун башкаруу кеңешинин төрагасы болгон.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин аны «Манас» аэропортунун башчысы кылып дайындашкан. Ошол эле күнү аэропорттун кызматкерлери Сыдыковдун дайындалуусуна каршы чыгышкан. Митингчилер «Сыдыков кетсин, жаштар келсин» деген лозунг менен чыгышкан. Сыдыков кызматынан ушул жылдын февралында алынган;

№17 Аксы шайлоо округу — Нурланбек Шакиев 44 жашта, NewTV телеканалынын директору катары белгилүү. Дал ушул телеканал 2019-жылы «жакшы» Курманбек Бакиев жөнүндө сюжетти эфирден кетирген. Сюжеттеги каармандардын бири мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевди Максим эмес, Манас деп атагысы келгенин, ал эми Курманбек Бакиевди жакшы жагынан көрсөтүп, «ал жакшы иштегенин» жана аны Кыргызстанда «сыйлашат жана жакшы көрүшөт» деп айткан.

Дал ушундай эле сюжет УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин байкеси Казыбек Ташиевге тиешелүү делген Nur TV каналынан көрсөтүлгөн.

Анда Нурлан Шакиев сюжетти Бакиевдин классташтары тартканын айткан. Шакиев Бакиевдин командасында 2006-2009-жылдары иштеген. Бакиевдин администрациясына басма сөз катчы болуп келген, мурдагы президент тактан кулагандан бир жыл мурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

Шакиев 2009-жылы «ЭлТР» коомдук телеканалын жетектеген, бирок революциядан кийин кызматтан алынган. Ал эми бийлик алмашкандан кийин 2010-2011-жылдары Кыргызстандын маданият министри болгон;

№18 Ала-Бука шайлоо округу — Азизбек Турсунбаев 55 жашта, «Кыргызстан» партиясынын алтынчы чакырылыштагы депутаты. Акаевдин жана Бакиевдин убагындагы — үчүнчү жана төртүнчү чакырылыштарда депутат болгон. Беш жылга жакын Жалал-Абад облусунун губернатору болгон;

№19 Токтогул шайлоо округу — Кундузбек Сулайманов 54-жашта, «КУБ» ЖЧКсынын директору катары белгилүү;

№20 Манас шайлоо округу — Дастанбек Жумабеков 45 жашта, «Кыргызстан» партиясынын алтынчы чакырылыштагы депутаты. Парламенттин экс-спикери жана «Көк-Бөрү» федерациясынын төрагасы. Сөздөрдү так айта албаганы, демилгелери, жана айрым цитаталары менен белгилүү мем-депутат;

№21 Талас шайлоо округу — Бактыбек Чойбеков 44 жашта, бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанганга чейин КСДП жана «Биримдикке» аралашууга аракет кылган. «Арча-Бешик конушу» коомдук фондунун төрагасы;

№22 Жайыл шайлоо округу — Нурланбек Азыгалиев 51 жашта, «Эр-Эңиш» федерациясынын президенти, Кыргыз-түрк соода-өнөр жай палатасы форумунун төрагасы. Мурдагы шайлоого «Биримдик» менен катышкан;

№23 Москва шайлоо округу — Карим Ханжеза 39 жашта, «Кыргызстандын дунгандар ассоциациясынын» башкармалыгынын төрагасы;

№24 Сокулук шайлоо округу — Аманкан Кенжебаев 54 жашта, Чүй облусунун Сокулук районунун жана Ош облусунун Кара-Кулжа райондорунун акими болгон;

№25 Аламүдүн шайлоо округу — Сеидбек Атамбаев 45 жашта, «Автомаш-Энерго» ЖЧКнын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу;

№26 Ленин шайлоо округу — Жаныбек Абиров 32 жашта, КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Шаардык кеңештин шайлоосуна бул жылы «Эмгек» партиясынын катарында катышкан.

Анын атасы Болотбек Абиров — бир канча жыл катары менен ЖЭБке көмүр жеткизүү тендерин жеңген «Рассвет Компани» ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Юстиция министрлигинде Болотбек Абиров кыймылсыз мүлктү башкаруу, дүң соода менен алектенген бир канча компаниянын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн;

№27 Биринчи май шайлоо округу — кайра шайлоо дайындалды;

№28 Октябрь шайлоо округу — Дастан Бекешев 38 жашта, бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты. Анын өзүнө тиешелүү «Ак-Ниет» партиясы бар болчу. Саясатка чейин Экономика министрлигинде иштеген. «Ак Ниетке» чейин Феликс Куловдун «Ар-Намыс» партиясынын мүчөсү болгон. Андан бир жыл өткөндө, өзүнүн партиясын түптөгөндөн кийин Бекешев КСДПга кеткен;

№29 Свердлов шайлоо округу — кайра шайлоо дайындалды;

№30 Ысык-Ата шайлоо округу — Акбөкөн Таштанбеков 58 жашта, «Ооган согушунун ардагерлери» партиясынын лидерлеринин бири. Таштанбеков ооган согушунун ардагери. Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышын мыйзам чыгаруу кеңешинин депутат жана саясий экономикалык жана ишкердик боюнча комитеттин төрагасы болгон. 2000-жылдары чоң коррупциялык чырдын объектисине айланган. 2010-жылдын 11-ноябрында Бишкек ШИИБи Акбөкөн Таштанбековду бет капчан, курал-жарак менен кармаган. Ошондо ИИМ мурдагы эл өкүлү үч кылмыш ишинин алкагында, анын ичинде алдамчылык үчүн кармалганын айткан;

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу — Медербек Саккараев 49 жашта, «Шумкар» күзөт агенттигинин жетекчиси. БШК Саккараевдин каттоосун ал «башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегени» үчүн жокко чыгарган. Бирок сот анын талапкерлигин кайрадан калыбына келтирген;

№32 Кочкор шайлоо округу — Мирлан Самыйкожо 37 жашта, Самыйкожо акын жана журналист. Ал КТРКда иштеген жана октябрь окуялары учурунда башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган;

№33 Нарын шайлоо округу — Улан Бакасов 37 жашта, нарындык бизнесмен жана меценат катары белгилүү. 2020-жылы парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынан 6-катарда барган;

№34 Жети-Өгүз шайлоо округу — Арсланбек Малиев 64 жашта, «Аалам» партиясынын лидери. Ал 2017, 2021-жылдагы президенттик шайлоолорго катышкан, андан сырткары 2011-жылы катышуу документтерин өткөргөн. БШКда Малиев чет ѳлкѳлѳр менен достук жана кызматташтык боюнча кыргыз коому бирлигинин президенти катары көрсөтүлгөн;

№35 Ак-Суу шайлоо округу — Акылбек Түмөнбаев 49 жашта, президент Садыр Жапаровдун эжеси Акат Жапарованын жолдошу Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууганы.

Акылбек Түмөнбаев ИИМде жана Салык кызматында иштеген. 2001-жылы ал каржы полициясында иштеп баштаган, 2016-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен катышкан;

№36 Ысык-Көл шайлоо округу — Максатбек Сарбагышев 36 жашта, мурда Ысык-Көл районунун акими болгон.