Эл аралык Amnesty International укук коргоочу уюму казак бийлигин өлкөдөгү башаламандык маалында каза тапкан элдин санын «тез арада» ачыктоого чакырды. Бул тууралуу уюмдун 12-январда жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.
Укук коргоочулар белгилешкендей, Казакстанда жакында эле болгон тополоңдо курман болгондордун так саны дагы деле белгисиз. Алар казак бийлигинин билдирүүсүнө таянып, Казакстанда кеминде 18 укук коргоо кызматкери өлтүрүлгөнүн, ал эми жарандардын арасындагы курмандыктардын саны айтыла электигин эске салышты.
9-январда Казакстандагы башаламандыкта 164 адам каза болгону айтылган. Мындай маалымат Казакстандын Маалымат жана коомду өнүктүрүү министрлигинин coronavirus2020_kz Телеграм-каналына жарыяланган.
Бирок кийинчерээк өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги андай сандар айтылбаганын билдирген, ал эми Маалымат жана коомду өнүктүрүү министрлиги билдирүүнү «техникалык ката» деп түшүндүргөн.
«Казак бийлигинин башаламандык маалында каза болгондордун санын жана алардын өлүмүнүн жагдайлары боюнча үн катпай жатканы кыжырды келтирет. Алар курман болгон жөнөкөй жарандар тууралуу дароо ачык айтышы керек», — деди Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.
Казакстандагы башаламандык жана нааразылыктар
Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.
Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон. Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулуук менен коштолгон.
Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.
6-январда казак бийлиги Алматыда демонстранттарга каршы ок ата баштап, аны «тазалоо» жана «антирорристтик операция» деп атаган. ИИМ ондогон адам «жок кылынганын» билдирген. «Жок кылуу» деген сөз негизи демонстранттар өлтүрүлдү дегенди туюндурат.
Тема боюнча: Касым-Жомарт Токаев: Кимде ким багынбаса — жок кылынат
Учурда укук коргоо орган кызматкерлеринин өлтүрүлгөн 16 жана «жок кылынган» 26 кылмышкер тууралуу белгилүү. Мындан тышкары, Казакстандагы башаламандык учурунда 2 265 адам (жарымы Алматыда) жабыркаганы кабарланган.
Казак бийлиги массалык башаламандыкта каза тапкандардын так санын бүгүнкү күнгө чейин айта элек.
Кошумча окуңуз: ТИМ Казакстандагы окуяларга чет элдиктердин катышканын бирге иликтөөнү сунуштады
Бүгүнкү күнгө карата Казакстандагы окуялар учурунда эки кыргызстандык каза тапканы белгилүү. Алардын бири — 32 жаштагы Азиз Мусаев, Алматыда фитнес-тренер болуп иштеп жүргөн. Ал 7-январда каза тапкан. ТИМ казак укук коргоо органдары кыргызстандыктын өлүмү боюнча тергөө жүргүзүп жатканын билдирген.
Каза тапкан экинчи кыргызстандыктын тек-жайы кабарланган эмес, бирок Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Ариповдун айтымында, туугандарды маркумдун сөөгүн таанышкан.10-январь Казакстанда массалык башамандыктардын натыйжасында каза тапкандарга байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган. Анын айтымында, өлкөнүн бардык аймагында абал турукташып калды.