ТИМ Казакстандагы окуяларга чет элдиктердин катышканын бирге иликтөөнү сунуштады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 11-январда ведомствонун башчысы Руслан Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Казакстандагы кырдаалга байланыштуу тышкы иштер министрлеринин кеӊешинин жыйынына катышканын билдирди.

Жыйында Казакбаев уюмдун бардык мүчөлөрүнө Казакстандагы башаламандыктар учурундагы чет элдик жарандардын тартип бузуулары боюнча кызматташуну сунуштады.

«Казакбаев ар бир окуя боюнча Казакстандын мыйзамдарынын алкагында, тийиштүү эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ылайык, ачык-айкын жана адилеттүү териштирүү жүргүзүлөт деп үмүт артты», — деп билдирди ТИМ.

ТИМ башчысы башка мамлекеттердин өкүлдөрүнө өз жарандарынын кармалышы боюнча өз убагында маалымат берүү зарылдыгы бар экенин дагы кошумчалап, башаламандыкка катышкан фактылар боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүүнү сунуштады.

Казакбаев бул билдирүүсүн музыкант Викрам Рузахунов Кыргызстанга алып келингенден кийин жасады. Рузахунов өлкөнүн атайын кызматы тарабынан Алматыда кармалган болчу.

Тема боюнча: Кыргызстандык пианисттин окуясы Казакстандын бийлигинин калпын ашкереледи

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалганы тууралуу «Хабар 24» казак телеканалынын видеосунан белгилүү болгон. Телеканалдын эфиринен 200 долларга Алматыга башаламандыкка катышуу үчүн келген жумушсуз кыргызстандык экенин айтып берген бети башы көгала адамды көрсөтүшкөн.

Кийин Казакстандын ИИМи кармалган кыргызстандык Закир Убуров аттуу адам экенин билдирген. А бирок видеодогу адам 2-январда Алматыга гастролго кеткен джазмек Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон, аны видеодон туугандары, достору жана кесиптештери таанып калган. Убуровдун, чындыгында Юбуровдун иниси казак телеканалынын эфириндеги адам Закир эместигин тастыктаган.

Рузахуновдон тышкары Алматыда дагы төрт кыргызстандык кармалган. 11-январда Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов кармалгандардын тек-жайы аныкталганын, алар бошотуларын айткан.