«Бишкеклифт» лифтке кыпчылып каза болгон адам боюнча түшүндүрмө берди

13-январда Бишкек шаардык кеңешинин комитет жыйынында «Бишкеклифт» муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев көп кабаттуу үйдүн лифтине кыпчылып каза болгон тургундун окуясынын чоо-жайына токтолду.

Окуя кандай болгон?

11-январда Бишкек шаарынын Октябрь районунда көп кабаттуу үйдүн лифтине кыпчылып калган 38 жаштагы жаран каза болгон. Анда ӨКМ кырсык Улан-1 кичи районунда катталганын, маркум коляскадагы баласы менен лифттен чыгып келе жатканда эшикке кыпчылып калганын маалымдаган. Ымыркай жабыркаган эмес.

Саманчиевдин айтымында, бул окуя тууралуу 11-январда маркумдун жубайы билдирген. Лифт өзү төртүнчү кабаттан жогору барып токтоп калган.

Окуя болгон жерге келген кызматкер лифттин шахтасы ачык экенин жана ал жерде адам тыгылып калганын аныкташкан.

«Лифттин оператору эркектин башы жана бир буту кабинада калып, оң буту ылдый салаңдап турганын көргөн. Ал машина бөлүмүнө барып, жабдыкты өчүргөн. Андан соң электромеханик келген. Алар бирге кабинаны түшүрүп, жабырлануучуну жана бешик арабаны алып чыгышкан. Ал убакта ӨКМдин куткаруучулары келген», — деп айтып берди «Бишкеклифт» ишканасынын директору.

Ал кошумчалагандай, лифт 1986-жылы чыккан, 320 кг чейинки жүктү көтөрө алат. Майда бузуулуулардан улам 2021-жылы эки ирет оңдолгон. Мындан тышкары, Саманчиевдин айтымында, каргашалуу бул окуя боюнча милиция иш козгогон.

Буга чейин 12-январда Бишкек шаардык мэриясы окуяны иликтөө үчүн комиссия түзгөн. Анын курамына «Бишкеклифт» муниципалдык ишканасынын, Мамлекеттик өнөр жай коопсуздугу боюнча инспекциясынын жана милициянын өкүлдөрү кирген.

«Комиссия окуя болгон жерге экспертиза жүргүзөт жана соттук-медициналык экспертизаны эске алуу менен эксперттик корутунду даярдайт», — деген анда мэриянын басма сөз кызматы