Бишкекте көп кабаттуу үйдүн лифтине кыпчылып калган адам каза болду

ӨКМдин басма сөз кызматы 11-январда Бишкек шаарынын Октябрь районунда көп кабаттуу үйдүн лифтине кыпчылып калган 38 жаштагы жаран каза болгонун кабарлады.

ӨКМдин алдын ала маалыматына ылайык, кырсык Улан-1 кичи районунда катталды. Маркум коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда, лифт белгисиз себептен улам оз алдынча иштеп кеткен. Ымыркай жабыркаган эмес.

Кыргызстанда лифттен кырсыктап каза болгон учурлар буга чейин дагы болгон. 2015-жылы Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жатып эки киши каза болгон.

2018-жылы Бишкек шаарынын Айтматов проспекти жана Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн лифтин оңдоп жаткан эки адам кулап кетип, бирөө каза тапкан.