Кыргызстанда 2023-жылдан тартып оор жүк унаалары менен автобустар жол акы төлөп баштайт

«Токтом» маалыматтык-укуктук порталына минкабдын «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдын өлчөмү жана аны алуунун тартиби» жөнүндөгү жобо жарыяланды.

Документ жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорунан жүрүү үчүн жүк ташуучу транспорт каражаттарынан жана автобустардан акы алууну шарттайт. Жобо чет өлкөдө жана Кыргызстанда катталган унааларга тиешелүү.

Жободо 2023-жылдан тартып 2024-жылга чейин жыйымдын өлчөмү жободо белгиленген сумманын болгону 30%ын түзөрү айтылат. Кийин жыйым айдоочулардан толук өлчөмдө чогултулат. Бирок ошол эле учурда айдоочулар жолдорду колдонгону үчүн так канча акы төлөй турганы жазылган эмес.

Бирок ошол эле учурда, Транспорт министлигине 2023-жылга чейин электрондук төлөм системасы боюнча операторду тандоо сынактарын жыйынтыктоо жана системаны пайдаланууга киргизүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилген.