Назарбаевдин кызы: «Атама аймактардагы тургундар колдоо сөзүн айтып жатат»

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы Алия Назарбаева Instagram’да өлкөдөгү нааразылыктар учурунда курман болгон казакстандыктардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Назарбаева өлкөдөгү кайгылуу окуяларды баштан кечирүү оор болуп жатканын, курмандыктар болгондуктан кайгы жана өкүнүүнү сөз менен жеткире албасын билдирди.

«Бардык каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтам. Бул каардуу сабак баарыбыз үчүн тарыхта акыркысы болсун. Адамдардын тынч убакта курман болгону туура эмес.

«Сиздерден келип жаткан колдоо сөздөрүнө чоң рахмат. Учурда атама көрсөтүлүп жаткан моралдык колдооңуздарга дагы ыраазычылык айтам. Ага азыркы тапта ар башка аймактын жашоочуларынан көп билдирүүлөр келип жатат», — деп жазды Назарбаевдин кызы.

Ал Казакстанга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү, ал эми мекендештерине — бейпил турмуш жана ден соолук дагы каалады.

Алия — Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кенже кызы.