Тез жардам кызматынын башкы дарыгери: Бишкекте антибиотикке аллергия болгон аял каза болду

12-январда Бишкек шаарында дарыгердин көрсөтмөсү жок антибиотик ичкен 60 жаштагы аял дарыга аллергия болуп каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери Егор Борисов билдирди.

Борисовдун айтымында, маркум аллергиялык шокко түшкөн.

«Тез жардам кызматынын реанимация бөлүмү барганда аял катуу аллергиялык реакциядан улам көз жумуптур. Маркум тааныштары телефондон эле айткан антибиотикти ичип, аллергиялык шокко түшкөн экен», — дейт Борисов.

Медиктер калкты өз алдынча дары-дармек ичпөөгө, дарыгердин рецепти жок антибиотик кабыл албоого чакырат.

Буга чейин 2021-жылдын 29-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарында 14 жашар кыз дарыга ууланып, өзүнө келбей каза болгон. Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз эс-учун жоготкон абалда шаардык ооруканага түшүп, дээрлик жарым ай өзүнө келбей жандандыруу бөлүмүндө жатып, каза болгон.