«Апасына таарынган». Жалал-Абадда 14 жаштагы кыз дары ичип каза болду

Жалал-Абад шаарында 14 жашар кыз дарыга ууланып, өзүнө келбей каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 29-сентябрь күнү болгон. Өспүрүм кыз эс-учун жоготкон абалда шаардык ооруканага түшүп, дээрлик жарым ай өзүнө келбей жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

«Турмуш» басылмасы жергиликтүүлөргө жана дарыгерлерге таянып, кыз «апасына таарынгандыктан кант диабетинин дарысын ичип алганын» жазды. Мындан улам анын канында канттын нормасы нөлгө түшүп калган.

«Окуучу кыздын апасы кант диабети менен ооругандыктан, үйүндө турган дарыны эч ким жокто ичип алган. [...] Дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшады. Негизи кандын курамындагы канттын нормасы 4-5 ммоль/л болушу керек», — дешти ооруканадан.

Учурда Жалал-Абад ШИИБиси кыздын өлүмү боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Милициядан «эгер кыздын кимдир бирөө менен таарынышканы же өлүмгө кандайдыр-бир себеп болгону аныкталса берене квалификацияланат» деп кошумчалашты.

Бир ай мурда аталган шаарда беш кабаттуу үйдүн чатырынан 12 жашар кыз өзүн таштап, каза тапкан. Анда кыз үйүндө «мен өлгүм келип жатат» деп кат таштап кеткени боюнча маалыматтар бар экени айтылган.

Ал эми ата-энеси «эч кимге арыз-доосу жок экенин» айтышкан. Кыз өз өмүрүнө кол салганбы же кокустукпу иликтенмей болгон.

2020-жылы Кыргызстанда 44 өспүрүм суицидге барган деп катталган. Балдардын депрессияга кабылуусуна пандемиянын таасири да болушу мүмкүн деп айтылат — анткени мектептер жабылып, окуу онлайнга өтүп, карантиндик чектөөлөр кирген. ИИМ депрессияны алдын алууда ата-энелер маанилүү роль ойноорун эскерткен.