Видео: Кеминде курал-жарак, жардыргыч заттар сакталган жай табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Чүй облусунун Кемин районунда курал-жарак жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылганын билдирди.

Атайын кызмат ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, белгисиз үлгүдөгү тапанча, жылмакай сайлуу мылтык, Ф-1 кол гранатасы жана 5,6 × 15,6 мм R үлгүсүндөгү ондогон ок-дарылар табылганын белгиледи.

«Алындын ала маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалган», — деп билдирди УКМК.

Аны менен катар, ок-дары сактоочу жашыруун жайды уюштургандарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

«Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат», — деп эскертти УКМК.

Өткөн жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак, ок-дарылар табылган. Андан сырткары, шектүүнүн үйүнөн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын: аюу, сүлөөсүн жана суусардын териси табылган.

Шектүүгө карата «Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тема боюнча:

Аксы: Жергиликтүү тургундун үйүнөн ок-дары жана аюунун териси табылды