Аксы: Жергиликтүү тургундун үйүнөн ок-дары жана аюунун териси табылды

ИИМдин басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарак арсеналы жана Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын териси алынганын билдирди.

Криминалдык милиция кызматына 40-45 жаштагы киши үйүндө ок атуучу курал-жаракты мыйзамсыз сактап жүргөнү жана уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат түшкөнү айтылууда.

5-ноябрь күнү тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери 47 жаштагы Ш.Э. аттуу жергиликтүү тургунду кармаган. Шектүүнүн үйүнөн номери өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү «Сайга» үлгүсүндөгү ок атуучу курал, «Мосин» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу карабин жана жаралма курал – колго жасалган бычак табылган.

Видео: ИИМдин басма сөз кызматы.

Андан сырткары, шектүүнүн үйүнөн сейрек кездешүүчү жаныбарлардын терилери табылган: аюу, сүлөөсүн жана суусар.

«Бул жаныбарлардын баары Кызыл китепке кирген, аларга аңчылык кылууга тыюу салынган», — деп белгилешти ИИМден.

«Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө амалдары уланууда.