Жогорку Кеңештин депутаттары комитет төрагаларын шайлады

Парламент комитеттерин шайлоо. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында эки жолку жабык добуш берүүдөн кийин сегиз комитеттин төрагасы аныкталды.

Комитет төрагасын шайлоодо жыйынга катышпаган эки депутат ишеним кат аркылуу добуш бергендиктен, добуш берүү экинчи ирет өткөрүлдү.

Парламенттеги үч комитетти «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаттары жетектей турган болду.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетине Бакыт Сыдыков келсе, Финансы жана фискалдык саясат комитетине Данияр Төлөнов шайланды. Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасы — Азиз Турсунбаев.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине «Ишеним» фракциясынан Медербек Алиев келди.

«Ишенимдин» дагы бир өкүлү Сүйүн Өмүрзаков Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы болду.

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагалыгына бир мандаттуу депутаттардын "Элдик" тобу Тазабек Икрамовду көрсөттү, «Альянс» фракциясынан Жанар Акаевдин талапкерлиги сунушталды. Добуш берүүдө көпчүлүк Жанар Акаевди колдоду.

«Ыйман Нуру» фракциясынан Динара Ашимова Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрайымы болду.

Ал эми Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитетинин башчылыгына «Элдик» топтон Аманкан Кенжебаев келди.

Буга чейин, 12-январда парламент депутаттары Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитип, үч вице-спикер шайланган.

Жаңы вице-спикерликке «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан Жамиля Исаева 74 добуш менен, Алай районундагы бир мандаттуу округдан шайланган Улан Примов 59 добуш жана «Ишеним» фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев 74 добуш алып, төраганын орун басары болуп шайланды.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 депутат шайланып келген. Жаңы конституцияга ылайык, парламентке 90 депутат шайланды. Ал эми мурда алардын саны 120 болчу.

Тема боюнча:

Депутаттар парламенттин түзүмүн бекитти. Эми үч вице-спикер болот