Депутаттар парламенттин түзүмүн бекитти. Эми үч вице-спикер болот

Парламенттин басма сөз кызматы 12-январда эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жаңы түзүмүн бекиткенин маалымдады.

Маалыматка ылайык, парламентте сегиз профилдик комитет иштейт. Ал эми үч депутат вице-спикерликке шайланды. 120 депутаттан турган алтынчы чакырылышта эки гана вице-спикер иштеген.

Жаңы вице-спикерликке «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынан Жамиля Исаева 74 добуш менен, Алай районундагы бир мандаттуу округдан шайланган Улан Примов 59 добуш жана «Ишеним» фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев 74 добуш алып, төраганын орун басары болуп шайланды.

Жамиля Исаева депутат болгонго чейин өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборунда директордун орун басары болуп иштеген.

Нурбек Сыдыгалиев болсо алтынчы чакырылышта Жогорку Кеңештин вице-спикери болгон. Бул кызматка 2021-жылдын январь айында дайындалган. Демек, ал мурда ээлеген кызматына кайтып келет.

Улан Примов — алтынчы чакырылыштын депутаты. Примовдордун үй -бүлөсү тоо-кен казуу, көмүр ташуу, курулушу, ал тургай жалпыга маалымдоо тармагында бир катар компанияларга ээлик кылат.

Жаңы Жогорку Кеңеште төмөндөгүдө комитеттер иш алып барат:

  • эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча;
  • отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча;
  • конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитети;
  • экономикалык-финансылык саясат боюнча;
  • социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча;
  • укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча;
  • транспорт, коммуникация, архитектура, курулуш боюнча;
  • агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берген. Анда бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 депутат шайланып келген. Жаңы конституцияга ылайык, парламент 90 депутат шайланды. Ал эми мурда алардын саны 120 болчу.