Алматыда башаламандык учурунда кармалган кыргызстандыктар бошотулду

15-январда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алматыда кармалып турган төрт кыргызстандык бошотулганын кабарлады. Ведомство тараткан видеодо кыргыз жарандары бошотууга көмөктөшкөн кайдыгер эместерге жана маморгандарга ыраазычылык билдирди.

Аны менен бирге, маалыматта эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын биргелешкен аракетинин натыйжасында кыргызстандыктарды бошотуу макулдашылганы белгиленген.

Ведомствонун маалыматына караганда, бошотулган кыргыз жарандары көп жылдан бери Алматыда жашап, жергиликтүү базарда иштешет. Азырынча Кыргызстанга кайтып келүү пландарында жок.

«Башка бирөө кыйналып турганда кайрылып жардам көрсөткөн кайдыгер эмес адамдар бар үчүн дүйнө кармалып турат. Санаа тартып, кабатыр болгон бардыгыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдоо дем-күч берет жана эч качан унутулбайт», — деп алардын сөзүнөн цитата келтирди ИИМ.

15-январда эртең менен Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Алматынын укук коргоо органдары кармалган төрт кыргызстандыкты бошотуп жатканын билдирген болчу.

«Эртең менен барып жолугуп, азыр келдик. Алар эч кандай мыйзам бузган эмес. Алматыдан Бишкекке, үйүнө кетип баратып, жолдон кармалган. Казакстандын тышкы иштер жана ички иштер министрликтери менен байланышып, иш алып бардык», — деген Арипов.

Алар Алматыдагы башаламандыктарга катышты деген шек менен кармалган. Закир Юбуров (1990-жылы туулган), Адан Хуров (1991), Ильяс Мачо (1987) жана Абду-Рахим Жиншанло (2001) январдын башынан бери камакта болчу. Юбуровдун агасы Закир менен 7-январда сүйлөшкөнүн айтып берген — ал мечитке бараткан, андан соң туугандарынан кабар алганы бармак. Бирок өткөрмө пунктан кармалган.

Кыргызстандын УКМКнын 10-январга карата маалыматына таянсак, Казакстандагы массалык башаламандыктар учурунда 5 кыргызстандык кармалган. Алардын бири — пианист Викрам Рузахунов — 10-январь күнү кечинде өлкөгө кайтарылган.

Башкы беттеги сүрөт: "Азаттык".