Кыргызстанда жарандарды чет өлкөдө Жумушка орноштуруу борбору негизделди

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 15-январда ведомство жарандарды чет өлкөдө Жумушка орноштуруу борборун ачууну чечкенин кабарлады.

Жаңы борбор Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин ведомстволук бөлүмүнө караштуу болот.

Министрлер кабинетинен бул чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоого багытталганын билдиришти.

Өкмөт өлкөдөгү жумушсуздукду миграциянын эсебинен азайтууну көздөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 2026-жылга чейинки өнүктүрүү программасында жазылган.

Ошол эле учурда 18-декабрда мигранттардын күнүндө Жапаров министрлер кабинетине жарандар жумуш табуу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болбошу үчүн Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү тапшырмасын бергенин айткан.

«Дагы бир орчундуу маселе — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Мындай маанилүү маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек», — деп ошондо белгилеген президент.

Кыргызстандын ИДПсы мигранттар мекенине которгон акчадан кыйла көз каранды. Расмий эмес маалыматтар боюнча миллиондон ашык кыргызстандык жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрүшөт. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көбү Орусия, Түркия жана Казакстанда. Ошондой эле мигранттардын дагы бир бөлүгү иштеп келүү үчүн Дубай, Европа жана АКШга кетишет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт

Тест: Чет өлкөдө иштеп келүүнү пландап жатасызбы? Эмгек миграциясына даяр же даяр эместигиңизди текшериңиз