Террористтерге жана коркунучтарга бирге каршы туруу. Жапаров Казакстан тууралуу эмне деди?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Казахстанская правда» гезитине маек куруп, эки боордош өлкөнүн достугу — Кыргызстан менен Казакстан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруп, ар башка тармакта кызматташып, келечекке бирге кадам таштайт деген үмүттө экенин айтып берди.

Казакстандагы «террористтер» тууралуу

Садыр Жапаров казак бийлигинин Казакстанга «пландалган террористтик агрессия» жасалды деп айткан риторикасы менен макул болду. Ал «Кыргызстан казак өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин “террористтердин” мизин кайтаруудагы чечкиндүү чараларын колдоду» деп билдирди. Президент Казакстандагы окуяларды «бул баарыбыз үчүн орду толгус оор кайгы» деп атады.

«Биз бул күрөштө жардам беришибиз керектигинен бир мүнөт да күмөн санаган жокпуз. Казакстандын бийлиги бийликти күч менен басып алуу үчүн адамдардын өлүмүнө жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартат деп ишенем. Текшерүү учурунда бейкүнөө жарандар жабыркабашы керек», — деп эсептейт Садыр Жапаров.

Президент Казакстандагы окуяларда кыргызстандыктар казакстандыктарга колдоо көрсөтүп, жатакана, тамак-аш жана Кордайга жетүү үчүн транспорт жагынан жардам беришкенин белгиледи.

«Бул эки өлкөнүн ортосундагы адамгерчилик жана бир туугандык мамиледе бири-бирине жардам колун сунууга даяр экени абдан кубандырат», — деп белгиледи Жапаров.

«Биздин өлкөлөр жаңы коркунучтарга биргелешип каршы турууда»

Садыр Жапаров «Кыргызстан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоо боюнча достук аракеттерин кубаттайт» деп белгиледи. Ал эки өлкөнүн калкын «бир тууган» деп атап, алар дайыма «ынтымакта жашап, оор учурларда бири-бирине жардам колун сунуп келгенин» баса белгиледи.

«Кыргыздар мындан ары да казактар ​​менен бирдей жашап, келечекке бирге кадам таштоону ниет кылат! 2021-жылдын март айындагы жолугушуубузда Токаев Казакстан Кыргызстанды союздашы эле эмес, бир тууган мамлекет катары да карай турганын жана кыргыз элин колдоого ар дайым даяр экенин билдирген. Биз муну баалайбыз!» — деп айтты президент.

Жапаров 2021-жылдын март айындагы Казакстанга болгон иш-сапары «жагымдуу атмосферада» өткөнүн, ал эми 2022-жылы Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келери күтүлүп жатканын кошумчалады.

«Биздин өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы белгилүү окуяларга байланыштуу жаңы коркунучтарга биргелешип каршы турууда», — деп ишендирди Жапаров.

Президент жакынкы жылдары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү сапаттуу жаңы деңгээлге чыгат, Кыргызстан бул үчүн бардык күчүн жумшайт деп үмүттөнөт.

«Биз бирдей сүйлөшөбүз»

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбес маселе болбошу керек деп билдирди.

«Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер боюнча өлкөлөрдүн көз караштары жана пикирлери ар түрдүү жана бул нормалдуу көрүнүш. Биз бирдей сүйлөп, бири-бирибизди угуп, өз ара алгылыктуу чечимдерди таап келебиз», — деди Жапаров.

Жапаров кургак жол аркылуу өтүп жаткан кыргызстандык транзиттик жүк ташуучу унаалар жана жарандарга Казакстан тараптан коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча Казакстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

«Казакстанга тоскоолдуксуз кирүү үчүн эмдөө сертификатынын жана ПЦР тестинин болушу жетиштүү болушу керек деп эсептейбиз. Менимче, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эч кандай тоскоолдук болбошу керек – шарттуу да, реалдуу да», — деп эсептейт президент.

Казакстандагы нааразылыктар

2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан. Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Митингде эң эле көп «Шал, кет!» деген ураан-чакырык айтылган. Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен.

Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу Алматыда катталган. 5-январь күнү күндүз демонстранттар Алматы шаардык администрациясын басып алышкан. Ошондой эле ЖМКларда митингчилер президент Касым-Жомарт Токаевдин Алматыдагы мамрезиденциясына жеткенин да жазышкан. Натыйжада ал жерде өрт чыккан.

Мындан тышкары, митингчилер Алматы аэропортун басып алышкан. Бирок 6-январга караган түнү бийлик аба майданы бошотулганын билдирген. Ишкерлер шаардагы ири соода борборлору таланып-тонолгонун билдиришкен.

Нааразылыктар токтобой жаткан шартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингчилерди «террорист» деп атап, «террористтик коркунучтан өтүү» үчүн ЖККУга жардам сурап кайрылган.

6-январга караган түрү Армениянын премьер-министри жана ЖККУнун төрагасы Никол Пашинян уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алганын билдирген.

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги миссиясы аяктаганын маалымдаган.

14-январда Кыргызстандын тынчтык орнотуу күчтөрү мекенге кайтып келген — казак бийлиги өлкөдө кырдаал калыбына келгенин белгилеген. Башаламандыктар учурунда 225 жаран каза тапкан, алардын арасында 19 аскер кызматкери бар.

Дагы окуңуз: Токаев: Казакстанга террордук кол салууга борбор азиялык согушкерлер катышкан