Кара-Сууда өспүрүм кокустан өзүн атып алды

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын 13 жаштагы жашоочусу ок атуучу куралдан жаракат алып, ооруканага түшкөнүн кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, инцидент 50 жаштагы ички иштер органдарынын кызматкеринин үйүндө болгон. Кызматкердин айтымында, ал ошол күнү жумушка жөнөп бара жатып, тапанчаны столго коюп жуунуучу бөлмөгө кирип кеткен.

«Ошол кезде мектепке жөнөп жаткан 13 жаштагы уулу “О.И.” тапанчаны кызыгып колуна алып ойноп жатып атып алган», — деп билдиришти Ош ОИИБден.

Ал эми окуя болгон жерге барган орган кызматкерлери «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, эки даана магазин, 15 даана ок жана бир гильза алышкан.

Дарыгерлер ок өспүрүмдүн сол көкүрөгүнө тийип, бирок ички органдары жабыркабаганын аныкташты. Учурда анын абалы «салыштырмалуу канааттандырарлык»: аң-сезими тунук жана өз алдынча кыймылдайт.

«Жаш баланын денесиндеги алган жараатын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык, окуя болгон жерден табылып алынган куралга, окторго жана бир даана гильзага карата соттук-дактилоскопиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды», — деп берилет ОИИБдин маалыматында.

Аталган окуя боюнча алгачкы териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.