Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду

20-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда опузалоого шектелген Мелис Аспековго карата соттук отурум өттү.

Соттун жүрүшүндө Аспековду дагы бир кылмышка, алдамчылыкка шектелип жатканы белгилүү болду. Судья Марат Сыдыков эки кылмыш ишин, «алдамчылык» менен «опузалоону» бир өндүрүшкө бириктирди.

Айыптоочу тараптын версиясы боюнча, Аспеков 2016-жылы колонияда отурганда Ильяс Салтыханов деген адам менен таанышып, батирин сатып алууну макулдашып, натыйжада акчаны толугу менен төлөп бербей койгон.

Аспеков күнөөнү мойнуна алган жок, бирок Салтыханов 2016-жылы мунапыс боюнча жаза мөөнөтүн азайтыш үчүн андан 10 миң доллар алганын айтып берди. Аспековдун айтымында, Салтыхов ал учурда милиционерди өлтүргөнү үчүн айыпталып түрдөмө отурган. Натыйжада Салтыханов карызынан кутула албай, ордуна Кара-Балта шаарында жайгашкан батирин 21 миң долларга баалап сунуштаган.

«Мен 11 миң долларды бөлүп-бөлүп бергем. Кийин Салтыханов батирин 23 миң долларга баалап атканын айткан, анан мен ага дагы 2 миң доллар төлөп бергем. Батир менин наамыма жазылган. Эми Салтыханов батир үчүн жөн жерден эле дагы бир жолу акча алгысы келип жатат», — деп белгиледи Аспеков.

Аспеков бийлик Салтыхановдун аялын таап, жолдошун кайра камайбыз деп коркутуп, өзүнө каршы арыз жазууга мажбур кылган деп болжойт.

Жапыкеевге каршы көрсөтмө жана куугунтук

Сотто Аспеков тергөөнүн ага каршы эч кандай далили жоктугун айтты. Аспеков Финполдун мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербей койгону үчүн ага дагы бир кылмышты козгошконун айтууда. Анын айтымында, эгер тергөө менен кызматташса бошотууну убадалашкан.

«Эгер мен Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берсем, анда мага карата эч кандай кылмыш иши болмок эмес», — деп айтты Аспеков.

Аспеков Алмазбек Атамбаевдин да, Сооронбай Жээнбековдун да тушунда мынча куугунтукталбаганын, учурда катуу куугунтук жеп жатканын айтты. Пикиринде, ага карата мыйзамдар иштебей жатат: бир жылдан бери тергөө изоляторунда отурат жана жүрөгүнө оор операция жасалган. Активист бул эки учурда тең коё берилиши керек болчу экенин, бирок андай болгон жок деп эсептейт.

«“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковду оорусуна байланыштуу бошотушту, бирок ага керек болсо операция да жасалган жок да», — деп нааразы болду Аспеков.

Аспеков деген ким?

Мелис Аспеков — Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. Активист «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектелип 2021-жылдын анварында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков дагы бир активист Улан Жураев менен ишкананын жетекчилигин финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргыз темир жолуна» каршы митинг уюштурабыз деп ири суммадагы акча опузалашкан.

Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

12-майда фейсбукта УКМКнын ТИЗОсунан Аспековдун атынан делген кайрылуу пайда болгон. Кайрылууда УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери аны үч ай бою кыйнап, финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканы айтылган. Билдирүүдө Аспековдун денесиндеги көгала тактар көрсөтүлгөн сүрөттөр да болгон.

14-майда УКМКдан Аспеков кыйноого алынганын четке кагышкан. Көп өтпөй, 24-майда УКМК тарабынан Аспековго «алдамчылык» беренеси менен дагы бир кылмыш ишин козголгон. Тергөөнүн маалыматы ылайык, Аспеков соттолгон тууганын бошотуу маселесин чечип берем деп аялдан 15 миң доллар алып, алдап кеткен.

Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, жүрөгүнө операция жасалган. Иниси Азамат Аспеков агасына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айткан. Августтун аягында «Бикард» жеке клиникасында Аспековдун жүрөгүнө операция жасалган. Андан соң ТИЗО-1ге которулган.