Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды

Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингде. Сүрөт: Клооп

Пара опузалоого шектелген активист Мелис Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылган. Августтун аягында анын жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу «Бикард» клиникасынын жетекчилиги «Азаттык» басылмасына 1-сентябрда билдирди.

Клиниканын директору Турдали Заировдун айтымында, операциядан төрт күн өткөн соң Аспеков өз алдынча баса баштаган. Анын абалы 10 күн ичинде жакшы болуп калышы керек —демек, андан соң ал тергөө абагына кайтарылышы кажет.

*«Бикард» — аткаминерлер коррупцияга шектелип ТИЗОго киргизилгенден кийин, саламаттыгы начарлады деген жүйөө менен жаткырылган жеке клиника. Эмнегедир чиновниктердин бардыгынын ден соолугунда көйгөй жаралып, ооруканага жаткырууга аргасыз болуп келет. Мисалы, «Магнитский тизмесине» кирген бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана «Кыргыз Темир Жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков камактагы мөөнөтүн клиникада өткөрүшкөн. Саналып өткөндөрдүн акыркысы клиниканын аймагында бейтааныш аял менен сүйлөшүп отурганын блогерлердин бири видеого тартып алган. Ушундан соң аткаминер ТИЗОго кайтарылып, бир катар милиция кызматкерлери кызматтан алынган.

Мелис Аспеков болсо 11-августта ТИЗОдон жеке клиникага эмес, Улуттук кардиология борборуна жатканы айтылган. Кийин анын иниси Азамат Аспеков агасына өз убагында жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып чыккан. Азамат Аспековдун айтымында, ооруканага жаткырылгандан үч күн мурда Мелис колдору иштебей, өзүн жаман сезип жатканын билдирген. Аспеков оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Аспеков деген ким?

Мелис Аспеков — 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциянын катышуучусу. Нааразычылык акциясынын жыйынтыгында азыркы президент Садыр Жапаров колониядан бошотулган. Активист Жапаровду ачык эле колдоп, өзүнүн соцтармактарында үгүт иштерин жүргүзгөн. Жапаров премьер-министр болгондон көп өтпөй, Аспековго карата бейбаштык боюнча соттун чечими жокко чыгарылган.

Аспеков Жапаровду колдоону улантып, азыркы президент жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар делген «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болгон. Ал эми октябрдын аягында Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолоруна нааразы болуп, ачкачылык жарыялай турганын айткан.

Ноябрь айында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан. Ошол эле жылдын декабрында Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин активисттер Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн Боршайкомго жана ИИМге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, алар Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн» пайдаланышкан жана саясатчынын штабына эч кандай тиешеси жок болгон.

2021-жылдын январында Мелис Аспеков жана «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. Жураев камалганга чейин ага элиталык вагон тартуу кылынганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Улан Джураев менен бирге «Кыргызкөмүрдүн» жетекчисин «финансы полициясы ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркуткан. Андан кийин президенттикке талапкер Садыр Жапаров Аспековдун кармалышы боюнча комментарий берип, «Ким болбосун — тууганымбы же таанышымбы — бардыгы [кылган иштери үчүн] жооп бериши керек»,— деген.

Үстүбүздөгү жылдын май айында, Аспеков фейсбук барагы аркылуу «Садыр Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган» деп жарыялаган. Көп өтпөй анын посту өчүрүлгөн.

Ошол эле айда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылганын билдирген. Аспеков бул аракеттер кызматтын жетекчисинин буйругу менен «Чоң Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалып жатканын айткан.

УКМКдан Аспеков кыйноого алынганын четке кагышкан. Көп өтпөй, 24-майда УКМК тарабынан Аспековго дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы ылайык, Аспеков соттолгон тууганын бошотуу маселесин чечип берем деп аялдан 15 миң доллар алып, алдап кеткен.