Инфаркт. Мелис Аспеков ооруканага түштү

Жарандык активист Мелис Аспеков ТИЗО-1ден Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Ал 9-августта инфаркт болгон.

Анын иниси Азамат Аспековдун айтымында, агасына өз убагында меджардам көрсөтүлгөн эмес.

«Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылыгы болуп калды. Үч күн мурун колдорум иштебей жатат, өзүмдү жаман сезип жатам деп кайрылган. Жаш доктур кызды киргизип, абалы жакшы деп коюшкан. Азыр эс-учун билбей, кома абалында жатат», — деп билдирди активисттин иниси.

Буга чейин социалдык тармактарда жарандык активист ооруканага жаткырылганы тартылган видео пайда болгон. Анда Улуттук борбордун кезметчи врачы инфаркт 9-августта эле болгонун, бейтаптын абалы оор экенин түшүндүргөн.

Аспековдун иши

Активист Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектелип 2021-жылдын анварында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков дагы бир активист Улан Жураев менен ишкананын жетекчилигин финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргызтемиржолуна» каршы митинг уюштурабыз деп ири суммадагы акча опузалашкан.

Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

Андан кийин эле, үстүбүздөгү жылдын май айында Аспеков Садыр Жапаров шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган деп билдирүү жасаган. Аспековдун каты анын фейсбук барагында жарык көргөн.

Андан кийин Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райсоту арызды кыргызча жазылбагандыктан доогерлерге кайтарып берген.

12-майда фейсбукта УКМКнын ТИЗОсунан Аспековдун атынан делген кайрылуу пайда болгон. Кайрылууда УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери аны үч ай бою кыйнап, финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышканы айтылган. Билдирүүдө Аспековдун денесиндеги көгала тактар көрсөтүлгөн сүрөттөр да болгон.

УКМК 14-майда кыйноо тууралуу маалыматты четке кагып, бул маалыматты «коомчулуктун башын адаштыруу аракети катары баалашарын» билдирген.

Андан кийин 24-майда УКМК Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков Б.Л. аттуу аялдан тууганын абактан бошотуп чыгарып берүүнү убада кылып, алдамчылык менен 15 миң доллар алган.