Журналист милиционерлер Темировдун чөнтөгүнө «баңгизат салып койгонун» айтты

Сүрөт: Kloop

Temirov Live’дын журналисти «Клоопко» укук коргоо органдары иликтөөчү журналист Болот Темировдун «чөнтөгүнө баңгизат салып койгонун» билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңсеге баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери келип, журналисттерди полго жаткырып, тинтүүнү башташкан.

Журналисттин айтымында беткапчан адамдар «кайсы бир Болот аттуу киши кимдир бирөөгө наша чектиргенин айтып, журналист Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизат салышкан. Андан соң көпчүлүктүн алдында маңзат табылды деп алып чыгышкан».

Буга чейин Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келгени белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, иликтөөчү журналисттерге укук коргоо органдын кызматкерлери келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылган.

Журналист Актилек Капаров саат 19:00дө редакциядан чыгып кофе алып келүү үчүн жөнөгөндө Temirov Live’дын кеңсесине атайын кийимчен эркектер киргенин айтып берген. Ал кайра кеңсеге кире алган эмес, ушул тапта «Клооптун» журналисттери менен бирге окуяга байкоо салып турат. Кеңсени беткапчан кишилер овчарка породасындагы ит менен кайтарып турушат. Биздин журналисттерди ал жакка киргизишкен эмес.

ЧУКУЛ КАБАР: Temirov Live каналынын кеңсесине милиция кызматкерлери келди